Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 08.06.2019 16:14

Видео — Оштогу жылуулук ишканасы 2,5 млн сомдук эки унаалуу болду

Turmush -  3-июнь күнү Ош шаардык муниципалдык жылуулук камсыздоо ишканасы жаңы техника менен камсыздалды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Алынган жаңы техниканы салтанаттуу тапшырууга Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев жана ишкананын кызматкерлери катышты.

Шаардык муниципалдык жылуулук камсыздоо ишканасынын башкы инженери Касым Каналиевдин айтымында, жаңы техниканы ишкана кыш мезгилиндеги авариялык учурларда тез арада оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн жана техникалык базасын кеңейтүү максатында өзүнүн каражатына алган.

«2 даана автоунаа сатып алууга 2,5 млн сомго тендер жарыялап, ишкана өзүнүн каражатына 2 даана "Мерседес-Бенц Спринтер" унааларын сатып алды. Унаалардын ичине авариянын алгачкы кесепеттерин жоюу үчүн керектүү бардык жабдыктар орнотулду», - деди К.Каналиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×