Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ош облусуАраван району 09.06.2019 13:49

Айыл турмушу: Россияга гилас экспорттогон аравандык миллионерлер. Видео

Turmush -  Араван районунун Нур-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Какыр-Пилтан айылынын 52 жаштагы тургуну Хурсант Байбабаев 20 жылдан бери багбанчылык менен алектенип келет. Ал 30-май күнү 5 гектар гилас бакчасынан түшүм жыйнап, аларды Россияга жөнөттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Хурсант Байбабаев 2001-жылдан бери бир туугандары менен бирге 5 гектар жердеги гилас (гилас — диал., алча) бакчасын карап, киреше табат. Ал гиластын валовая сортун өстүрөт. Учурда бакчасында 300 жумушчу иштейт.

«Гиластын көчөттөрүн атам тиккен. Биз — 7 бир тууган тең атамдан калган бакчаны чогуу карайбыз. Ар бирөөбүз жылына 300-500 миң сомго жакын киреше табабыз. Көчөттөрдү отургузганыбызга 20 жылга жакын убакыт болуп калды. Орточо эсеп менен жылына 20-30 тонна түшүм алабыз. 1 жылда 3 млн сомго жакын киреше табабыз. 200 жумушчу гилас терсе, 100 жумушчу алардын терген гиластарын сорттоп, жыгач кутуларга салып, чоң жүк ташуучу унаага жыйнап турушат. Жумушчуларга күнүнө 400 сомдон 800 сомго чейин акы төлөсөк, жылына жумушчуларга 150-200 миң сом акча сарптайбыз. Быйыл 200 жумушчу түшүмдү 5 күндө терип, 18 тонна гилас алдык», - деди багбан.

Буга чейин Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы Хурсант Байбабаевдин бир тууганы Шавкат Байбабаев менен маектешкен.

«Гилас бактын арасында курма да бар болчу. Кийинчерээк курма жакшы түшүм бербей калып, анын ордуна гилас бак тиккенбиз. Учурда 5 гектар 20 сотых жерде 1 миң 600 түп гилас бак бар. Гилас абдан назик болгондуктан көп мээнетти талап кылат. Дайыма бутап туруу керек. Күн ысык жерде жакшы өсөт. Эгер кышында 30 градустан ашык суук болсо мөмө бербей калат. Аярлап кароону талап кылгандыктан жыл бою ушул жерде иштеп, бакчаны карап турабыз», - деген Шавкат мырза.

Маекти толугу менен бул шилтемеден окуңуз

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×