Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусу, Ош 09.06.2019 14:47

Тагдыр: Кош бойлуу эне 7 баласын багуу үчүн тилемчилик кылат (сүрөт)

Нурия Мирзаева кызы менен
Нурия Мирзаева кызы менен

Turmush -  Жети баланын энеси — 32 жаштагы Нурия Мирзаеванын учурда 6 айлык боюнда бар. Ал Кара-Суу районунда катталганы менен көп жылдан бери Ош шаарында жашап келет. Нурия айым менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ал биринчи үй-бүлөсүнөн 5 балалуу болгон. Учурда экинчи жолдошу менен жашайт. Нурия 7 баласы менен батирден батирге көчүүдөн тажаганын билдирди.

«Биринчи жолдошум ичип кетип, анын колунда бир дагы документ болбогондуктан балдарымдын баары менин фамилиямды алышкан. Ошондуктан биринчи жолдошумдан алимент ала албайм. Мэрияга жардам сурап кайрылсам "Кара-Сууга бар" дейт, ал жакка барсам "балдарыңдын документтери жок" деп көңүл бурушпайт. Учурда батирде турабыз. Ар 5-6 айда батирден батир которобуз, себеби 7 бала менен көбү ижарага батир бере бербейт.

Улуу балам 13 жашта, кичүүсү 9 айлык. Төрт балам мектепке барат, калганы үйдө. Жолдошум шагыл тазалаган жерде иштейт. 10 миң сомдон ашык айлык алат. Бирок кээде балдарды бөлүп, айлыгын талашып калат. Ошондуктан жума күндөрү кичинекей кызым менен мечиттин алдында тилемчилик кылам. Тилемчилик кылсам дагы балдарымды "багып алалы" дегендерге берген жокмун. Балдарым мектепке барбай калышканда социалдык коргоо кызматынан келип, алып кетээрде да талашып, алып калгам. Балдарды биринчи жолдошумдун туугандарына да берген жокмун», - дейт Нурия Мирзаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×