Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусу, Ош 09.06.2019 19:00

Ошто 7 айым «Мээримдүүлүк» төш белгиси менен сыйланды (сүрөт)

Turmush -  Ош облусунда 7 айым «Мээримдүүлүк» төш белгиси менен сыйланды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

1-июнь — Бүткүл дүйнөлүк балдарды коргоо күнүнө карата Кыргызстан аялдар кеңеши өлкөнүн бардык облусунда жыйындарды уюштуруп, мыйзам долбоорлорун талкуулаган.

Ош облусундагы жыйында Кыргызстан аялдар кеңешинин төрайымы, Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева энелерди куттуктап, социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө аялдардын орду жөнүндө сүйлөдү. Иш-чаранын соңунда облустагы 7 райондон келген 7 айым балдарга тарбия берүүдөгү эмгеги үчүн «Мээримдүүлүк» төш белгилери менен сыйланышкан.

Кыргызстан аялдар кеңешинин Ош облусундагы төрайымы Нуркыз Кадырбек кызы жер-жерлердеги «Шайыр апалар», «Демилгелүү айымдар» топтору жөнүндө дагы айтып, алардын бала тарбиялоодогу орду жөнүндө сүйлөдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×