Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-июнь
Ош облусу, Ош 10.06.2019 10:12

Июнь окуясына 9 жыл: Ошто курман болгондор эскерилди. Видео

Ош шаарында өткөрүлгөн митинг-реквием
Ош шаарында өткөрүлгөн митинг-реквием

Turmush -  Бүгүн, 10-июнь күнү Ош шаарында июнь окуясынын 9 жылдыгы эскерилди, деп билдирди аймактык кабарчы.

2010-жылдагы июнь окуясында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы шаардагы «Энелердин көз жашы» эстелигинин алдында өттү. Иш-чарага курман болгондордун жакындары — ата-энелери жана балдары катышып, «Энелердин көз жашы» эстелигине гүл чамбарлар коюлду. Андан соң маркумдарга куран окулду.

Митинг-реквиемге вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов, өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов дагы катышып, сөз сүйлөштү. Андан тышкары июнь окуясында 27 жаштагы уулунан айрылган Шаани Топчубаева дагы июнь окуясын эскерди.

«Мен үйлөнө элек уулумдан айрылдым. Энелердин көз жашы төгүлбөсүн. Мындай кайгыны эч кимге каалабайм. Биз — энелер уулдарыбызды эч качан унута албайбыз. Бала үчүн баарына даярбыз», - деди ал.

Учурда июнь окуясында курман болгондордун жакындарына берилген көп кабаттуу үйдө түлөө өткөрүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×