Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ош облусу, Ош 10.06.2019 17:14 На русском

А.Мамажакыповдун өлүмү: Ичилген арак, «Лексус 470» жана прокурордун чалуусу тууралуу көрсөтмөлөр. Видео

Анарбай Мамажакыпов
Анарбай Мамажакыпов

Turmush -  7-июнь күнү Ош шаардык соту маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш ишин карады. Отурумда бир катар милиция кызматкерлери күбө катары суралды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Отурумда кылмышка шектүү Мелис Калыков жана мурунку прокурор — маркум А.Мамажакыпов менен чогуу аңчылыкка барышкан А.Мамажакыповдун экинчи орун басары Эмил Ажибеков, ошол убакта прокуратурада бөлүм башчы болуп иштеп турган Улан Эгембердиев, арак заводдун Баткендеги өкүлү Эрнист Базарбай уулу дагы айыптоочулардын жана жактоочулардын суроолоруна жооп беришти.

Шектүү М.Калыковдун жактоочусу Асылбек Куңгуровдун айтымында, Эмил Ажибеков менен Улан Эгембердиевдин сөздөрү арак заводдун Баткендеги өкүлү Эрнист Базарбай уулунун көрсөтмөсүнө дал келбей калган.

«Эмил Ажибеков жана Улан Эгембердиев 3 бөтөлкө арак ичилгендигин айтышса, Эрнист Базарбай уулу 9 бөтөлкө арак алып баргандыгын билдирди», - деди Куңгуров.

Окуя болгон түнү Баткен шаардык ички иштер башкармалыгында жооптуу жетекчи болгон Чыңгыз Маматалиевдин көрсөтмөсү:

- Мен 2018-жылдын 17-ноябрында Баткен шаардык ички иштер башкармалыгынын жооптуу жетекчиси болгом. Ошол күнү кечки саат 22:00 чамасында нөөмөтчү Акылбек Сапаров «Турмаматов көчөсүнөн чакыруу түштү» дегенинен ыкчам тергөө бөлүмү менен бирге ошол жерге барганбыз. Бардык жетекчилер ошол жакта болчу. Ал жерде «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа турган. «Унааны Мелис Калыков айдап жүргөн, жанында шериги бар болчу, ал жок» деп айтылгандан кийин прокурор А.Мамажакыповду издөө үчүн бөлүнгөнбүз. Издөө иштеринин алкагында Кызыл-Тал постуна барганбыз. Постто саат 23:00дөн 3:00гө чейин болгонбуз. Постто тургандан жыйынтык чыкпагандыктан жетекчилер Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын Кытай базасына 20 кызматкер менен прокурорду издөө үчүн жөнөтүшкөн. Эртең мененки саат 6:00гө чейин ошол жакта болгонбуз.

Мамлекеттик айыптоочу: - Турмаматов көчөсүнө барганда унаа кандай абалда эле?

Чыңгыз Маматалиев: - Унаанын оң капталында кандын тактары бар болчу.

Андан соң окуя болгон түнү Баткен шаардык ички иштер башкармалыгында нөөмөттө турган Акылбек Сапаров көрсөтмө берди.

- Саат 22:06 чамасында «102» кызматына Баткен районунун прокурору (Мирлан Калыбеков) чалган. Ал «башкармалыктын башчысын мени менен байланыштырып койгула» деп суранган. Мен «байланыштыра албайбыз, белгилеп коебуз» деп айткам. Кийин башкармалыкка чалып, прокурор Калыбеков жетекчилик менен байланыштырууну суранганын билдирдим. Арадан 1-2 мүнөт өткөндөн кийин Калыбеков кайра чалды. Ал «телефон номурду бердиңерби, байланыштырдыңарбы?» деп сурады. «Эмне болду?» деп сурасам «Турмаматов көчөсүндө өзгөчө кырдаал катталды» деп айтты. Анан Баткен шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобун окуя болгон жерге жөнөткөнбүз. Арадан көп өтпөй, саат 22:30 чамасында башкармалыктан «өздүк курамды топтогула, прокурор жок экен» деп айтышты.

М.Калыковдун жактоочусу Асылбек Куңгуров: - Ошол күнү райондун прокурору сизге канча жолу чалган?

Акылбек Сапаров: - Так эсимде жок, 2-3 жолу чалган.

Асылбек Куңгуров: - Сиз ошол күнү Мелис Калыковду көргөнсүз да. Ал кандай абалда эле?

Акылбек Сапаров: - Мас болчу.

Асылбек Куңгуров: - Аябай мас беле?

Акылбек Сапаров: - Ооба.

Баткен облусунун ички иштер башкармалыгынын милициянын кайгуул күзөт кызматынын командири Каримбек Анарбековдун көрсөтмөсү:

- Окуя болгон түнү Баткен ОИИБде жооптуу жетекчи болуп тургам. Нөөмөтчү Өмүр Аркабаев телефон чалып, «Мирлан Калыбеков (райондун прокурору) телефон аркылуу байланышып, Турмаматов көчөсүндө өзгөчө кырдаал болду деп айтты» деди. Ыкчам топ түзүп, мен өзүмдүн унаама, ыкчам топ кызматтык унаага отуруп, барганбыз. Ал учурда биз өзгөчө кырдаал Турмаматов көчөсүнүн кайсы жеринде экенин билген эмеспиз. Бизге маалымат берген адам так дарегин айткан эмес. Кетип бара жатып ак түстөгү «Лексус» турганын көргөм. Бирок өтүп кеткем. Анткени өзгөчө кырдаал болуп жатса көп адам бар болуш керек деп ойлодум. Андан соң райондук ички иштер башкармалыгынын алдына баргам. Ал жерден жооптуу жетекчини чакырдым. Андан өзгөчө кырдаал тууралуу сурадым. Ал билбей турганын айтты.

Кайра райондук милициянын тобу менен жанагы «Лексус 470» унаасы турган жерге бардык. Ал жерде «Нива» үлгүсүндөгү унаа да бар болчу. Баткен районунун прокурору жана маркум прокурордун орун басары Арслан Байболсунов да ошол жерде турган экен. Андан кийин ыкчам топ унаага кароо жүргүзүштү. Кийин Баткен шаарынын милициясы келди. Ошол жерде Баткен облусунун прокурору жоголду деген сөздөр айтылгандыктан, ИИМге караган патруль-күзөт кызматынын кызматкерлери жана аймактык милиция кызматы менен кошулуп, издөө иштерин жүргүзгөнбүз.

Шектүү Мелис Калыков: - Ошондо Арслан Байболсунов менен Мирлан Калыбеков унаанын жанында турганбы?

Каримбек Анарбеков: - Ооба.

Мелис Калыков: - Алар сиздерди тосуп алыштыбы?

Каримбек Анарбеков: - Ооба.

Окуя болгон түнү шектүү Мелис Калыковдун үйүнө барган ыкчам иликтөө тобунун кызматкери Алмазбек Матиевдин көрсөтмөсү:

- Ошол күнү унааны Мелис Калыков айдап жүргөн экен. Маалыматты такташ үчүн М.Калыковдун үйүнө бардык. Барсак прокуратуранын кызматкерлери жүргөн экен.

Мамлекеттик айыптоочу: - Мелис Калыковдун үйүнө барганда кайсы прокурорду көрдүңүз?

Алмазбек Матиев: - Ысымдарын билбейм, бирок көрсөм тааныйм.

Мамлекеттик айыптоочу: - Канча адам бар эле?

Алмазбек Матиев: - 5-6 адам.

Мамлекеттик айыптоочу: - М.Калыковдун жаракаттары бар беле?

Алмазбек Матиев: - Кичине тилинген жери бар болчу.

Май куюучу жайда иштеген жана шектүү Мелис Калыковдун унаасына май куйган кызматкер Сапарали Жороевдин көрсөтмөсү:

- М.Калыков унаасына 1000 сомго бензин куйган, ал эми атайын идишке 500 сомго бензин куйган.

Мамлекеттик айыптоочу: - Бензин куюучу атайын идишти каяктан алган?

Сапарали Жороев: - Идишти май куюучу жайдан алган.

Мамлекеттик айыптоочу: - Бензин куюучу идишти каякка алып барам деп алган?

Сапарали Жороев: - Кошуналар менен тоого барам деп алган.

Мамлекеттик айыптоочу: - Абалы кандай эле?

Сапарали Жороев: - Мас болчу.

Мамлекеттик айыптоочу: - Унаа менен өзү жалгыз бардыбы же жанында бирөө бар беле?

Сапарали Жороев: - Унаанын ичинде бир адам бар болчу. Бирок унаадан түшкөн жок.

Окуя болгон түнү прокурор Анарбай Мамажакыповдун үйүнүн жанындагы турак үйдүн сырткы көзөмөлдөө камерасын текшерген Баткен РИИБдин кызматкери Жунус Турдуевдин көрсөтмөсү:

- Ошол түнү болжол менен саат 22:30-23:00 чамасында Баткен райондук ички иштер бөлүмүндө болдук. РИИБге кеткен жолдун сол тарабында көп адамдар чогулуп калган экен. Кийин биздин башкармалыктын башчысынын орун басары «тигил жакка барып, А.Мамажакыповдун үйү тарапты карап көргүлө» деген. Анын үйүнө барсак, прокуратурада иштеген бир-эки бала бар экен. «Үйүнө жакын жайгашкан видеокамераларды көргүлө» деген. А.Мамажакыповдун үйүнүн ылдый жагындагы бир үйдө видеокамера бар экен. Прокуратурадан бир бала жана мен сырткы көзөмөлдөө камераларындагы видеону 2-3 саат көрдүк.

Мамлекеттик айыптоочу: - Камерадан эмнени көрдүңүз?

Жунус Турдуев: - Камера эки үй ылдый жайгашкандыктан жолду жана унаалардын өтүп жатканын гана көрсөтөт экен. Бирок үйүнүн алдына унаа токтогон жок.

Окуя болгон түнү шектүү Мелис Калыковду үйүнөн алып келген Баткен шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам иликтөө кызматкери Нурбек Шакирбек уулунун көрсөтмөсү:

Мамлекеттик айыптоочу: - Мелис Калыковду каяктан таптыңар?

Нурбек Шакирбек уулу: - Үйүнө барганда прокурорлор менен сыртта турган экен. Барып сүйлөштүк. Түшүндүргөнбүз. «Окуяны түшүндүрүп бересизби?» дегенбиз. Ал «жүрү» деп эле өз ыктыяры менен барган. Анын мастыгын тастыктоо үчүн ооруканага алып бардык.

Turmush басылмасы 7-июнь күнү Ош шаардык соту маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш иши каралганын жазган.

Отурумда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун экинчи орун басары Эмил Ажибеков сотто күбө катары суралган. Ал прокурор А.Мамажакыпов каза болгон күнү тартылып, социалдык тармактарга тараган сүрөттү ким тартканын айтып берген. Анын айтымында, сүрөттү Баткен районунун прокурору Мирлан Калыбековдун досу — арак зоводунун Баткендеги өкүлү Эрнист Базарбай уулу тарткан. Эмил Ажыбеков окуя болгон күнү жалгыз гана ал спирт ичимдигин ичпегенин кошумчалаган.

Кезектеги сот отуруму 17-июнь күнү болот.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

30.01.2019«Бешөөбүз болчубуз, жалгыз Калыков жооп бериш керекпи?»: Прокурордун өлүмүнө шектелген М.Калыков сот залынан кайрылуу жасады. Видео
08.03.2019Баткендеги прокурордун өлтүрүлүшү: Маркумдун ата-энеси шектүү М.Калыковду прокурорлор менен беттештирүүнү сунуштады
19.04.2019Баткендеги прокурордун өлүмү: Экспертизанын жыйынтыктарында күмөндүү жагдайлар бар, - шектүүнүн жактоочулары
21.05.2019Баткендеги прокурордун өлүмү: Тергөө иштериндеги мыйзам бузуулар жөнүндө арыз райондук сотто каралды
22.05.2019Прокурор А.Мамажакыповдун өлүмү: Судья менен шектүү кайым айтышты. Видео
10.06.2019Прокурор А.Мамажакыповдун өлүмү: Окуя болгон күнү тартылган сүрөттү интернетке ким тараткан? (толукталды)
07.06.2019Прокурор А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отуруму кайым айтышуу менен башталды. Видео
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×