Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 10.06.2019 15:39

«Жүзүбүз жарык»: Дарыгерлер төрөттөн кийин каза болгон 26 жаштагы келин тууралуу

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кечээ, 9-июнь күнү Ош облустук төрөтканасында 26 жаштагы келин төрөттөн кийин каза болгон. Бул тууралуу маалымат социалдык тармактарга да тараган. Ош облустук төрөткананын дарыгерлери аларга коюлган дооматтарды четке кагып, аталган окуя тууралуу билдирүү таратышты.

Облустук төрөткананын башкы дарыгери Гүлбара Кенжебаева социалдык тармактарда провокациялык, бир тараптуу маалымат берилгенин билдирди.

«26 жаштагы кош бойлуу келин ооруканага 8-июнь күнү эртең менен кайрылган. Бизге келгенге чейин эле каканак суусу жарылып, дене табы көтөрүлгөн экен. Биздин дарыгерлер ыкчам иш алып барышып, убагында антибиотиктерди берип, тийиштүү дарыларды беришкен. Айрым учурда аялдар төрөгөндөн кийин септикалык абалга (төрөттөн кийинки инфекциялык оору) кептелишет. Бул келинде да ошондой болгон. Дарыгерлер мага түнкү саат 1:20да телефон чалышты. Мен өзүмдүн унаам менен ооруканага бардым. Анализдер алынды. Биз жолдошуна "жатыны алынат" деп түшүндүрдүк. Анткени төрөттөн кийинки инфекциялар кан тамырларга өтүп кетет. Жатыны жабыркаган экен. Кан анализдерин алганда ошондой болуп чыкты.

Маркум келиндин туугандарынын алдында жүзүбүз жарык. Биз болгон аракетибизди жумшаганбыз. Бул окуяга мындан ары да баа берилет. Республикалык деңгээлдеги комиссия текшерет», - деди Г.Кенжебаева.

Буга чейин социалдык тармактарга төрөттөн кийин каза болгон 26 жаштагы келин тууралуу маалымат жарыяланып, анын өлүмүнө дарыгерлер айыпталган. Билдирүүнү тараткан Адыл Акжол уулунун айтымында, алгач дарыгерлер келиндин денесин туугандарына берүүгө каршы болушкан.

«Кечээ, 9-июнь күнү кечинде ооруканага барсам, келиндин денесин бербей жатышыптыр. Туугандарынын айтымында, дарыгерлер келиндин денесин текшертүүгө каршы болушкан. Маркум келиндин жакындары дарыгерлер келинди карабай коюшканын айтып жатышат. Биз маалымат алуу үчүн башкы дарыгерге барганбыз. Ал маалымат бербей турганын айтып, унаасына түшүп кеткен», - деди Адыл Акжол уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×