Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусуНоокат району 11.06.2019 09:39 На русском

Ноокатта 20 жылдык бүтүрүүчүлөр мектебине 1 млн сомдук белек тартуулашты (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунун Кыргыз-Ата айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булак айылындагы Саты Токторов орто мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү мектебине жаңы кичи футбол аянтчасын куруп беришти. Бул тууралуу Ак-Булак айылынын тургуну Мырзажигит Маматкерим уулу билдирди.

Анын айтымында, 20 жылдык бүтүрүүчүлөр футбол аянтчасын куруу үчүн 1 млн сомдон ашык каражат сарпташкан. 8-июнь күнү Ак-Булак айылынын тургундары жана 20 жылдык бүтүрүүчүлөр футбол аянтчасынын салтанаттуу ачылыш аземин өткөрүшкөн. Буга чейин Ак-Булак айылында кичи футбол аянтчасы жок болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×