Бөлүмдөр
Бейшемби, 20-июнь
Ош облусу, Ош 11.06.2019 09:54

Кутманалы Камчиев Ош шаардык кеңештин аппаратын убактылуу жетектейт

Turmush -  Кутманалы Камчиев Ош шаардык кеңештин аппаратынын убактылуу жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу шаардык кеңештин төрагасы Жапар Ормонов бүгүн, 11-июнь күнү шаардык кеңештин кезектеги 21-сессиясында билдирди.

Буга чейин шаардык кеңештин аппарат жетекчиси болуп Саадат Маматалиева иштеп келген. Ал шаардык кеңештин уюштуруу бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды.

Ошондой эле жыйындын алдында шаардык кеңештин депутаты Ашым Осмонов Каржы министрлигинин төш белгиси менен жана шаардык кеңештин башкы бухгалтери Чолпон Мамаева Каржы министрлигинин ардак грамотасы менен сыйланышты.

Бүгүн, 11-июнь күнү Ош шаардык кеңешинин 21-сессиясы өтүүдө. Күн тартибинде 12 маселе каралат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×