Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 17-июнь
Ош облусу, Ош 11.06.2019 12:58 На русском

«10 жолу молдого окуткам»: Кумарканага 6,5 млн сом уттурган киши өз жанын кыйды

Ош шаары
Ош шаары
// Turmush

Turmush -  Ош шаарында «кумарканага 6,5 млн сом уттурдум» деген киши асынып, ооруканадан каза болду. Бул тууралуу Turmush басылмасынын өздүк булактары билдирди.

Маалыматка караганда, 2-июнда түнкү саат 23:30 чамасында 1986-жылы туулган А.Т. Гапар Айтиев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирде асынып алган. Ал ошол батирде үй-бүлөсү менен жашап жаткан. А.Т.нын асынып алганын жубайы көргөн. Ал аталган окуя боюнча ооруканага жана милицияга кабарлаган. А.Т. ооруканада 6 күн дарылангандан кийин, 8-июнь күнү өзүнө келбей каза болгон.

Ош шаардык ооруканасынын маалыматына ылайык, 2-июнь күнү А.Т. ооруканага өтө оор абалда түшкөн. Ал ичке зым менен асынгандыктан мээсине аба өтпөй калган. Маркум комага түшүп, өзүнө келбей каза болгон. Дарыгерлердин айтымында, көпчүлүк учурда 5 мүнөттөн ашык асынып турган адам өзүнө келе албай көз жумат.

Маркум батирдин ашканасында электр чубалгысына асынганы белгилүү болду.

Буга чейин Turmush басылмасы Ош шаарынын А.Навои көчөсүндөгү «Де люкс» конок үйүндө кумаркана деп шек жараткан жайда чыр чыкканын жазган.

13-майда аталган жайга «акчабызды алдаттык» деп арызданган жарандар менен бирге журналисттер барган. Ал жердин күзөтчүлөрү журналисттерге кол салышып, пикир келишпестик чыккан.

Бир жабырлануучу уулу кумар оюндарына берилип кеткенин айтып, аны атайын молдого алып барганын дагы билдирген. Маркум бул окуя тууралуу айтып берген атанын уулу болчу.

Маркумдун атасы Рахман Алиевдин айтымында, уулунун өлүмүнө кумар оюндары себеп болду.

«Уулум үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы болчу. Ал эрктүү эле. Буга чейин кумар оюндарын ойноп, 6,5 млн сом уттурган. Бул боюнча укук коргоо органдарына кайрылгам. Биз кумаркана боюнча маалыматты айтып чыкканда үйгө кумар оюндарын ойногон балдардын ата-энелери келип, ыраазычылык билдирип кетишкен. Кумаркана канча деген адамдарды сыздатып жатканын укканбыз. Уулумду 3 күн мурун жерге бердим. Учурда эмне кылышты билбей жатам. Бирок кумаркананын түбүнө жетмейинче тынч отурбайм. Керек болсо Бириккен улуттар уюмуна чейин кайрылам», - деди маркумдун атасы.

Асынып алган киши «Портер» унаасын дагы сатып, акыркы жолу кумарканага 350 миң сомун уттурган.


Журналисттерге кол салуу болгон жерге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ыкчам тергөө тобу барып, териштирүү иштерин жүргүзгөн. Милиция кызматкерлери көмүскө иш алып барган кумаркана деп эсептелген имараттын эшигин ачышып, журналисттерге кол салган күзөтчүлөрдү кармап кетишкен. Тергөөчү Эржан Маниязов аталган жайды азырынча «кумаркана» деп так айтуу эрте экенин билдирген.

«Бул жерди "кумаркана" деп айтуу эрте. Текшерип баштадык. Бардык далилдер текшерилет. Эгер журналисттер арыз жазса, аны дагы ишке тиркейбиз», - деген ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×