Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 11.06.2019 13:47

Ошто бейбаш айдоочу жаңы оңдолгон сейил бактын тепкичтерин талкалады. Видео

Turmush -  Ош шаарында бейбаш айдоочу сейил бактагы тепкичтерди талкалады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда шаардагы «Токтогул» сейил багы толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп жаткан.

«Сейил бактын кире беришиндеги тепкичтер талкаланды. Кыздарга өзүн көрсөткүсү келген жигит автоунаасын тепкичтен айдап түшүптүр. Жаңыдан оңдолгон тепкичтер талкаланды. Ага каражат, мээнет кеткен болчу. Угушума караганда ал айдоочу эркиндикте жүрөт. Мыйзам алдында жооп берип, чыгымды төлөп бериши керек. Биз да көзөмөлгө алабыз», - деди мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгы билдиргендей, учурда аталган окуя боюнча иликтөө иштери башталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×