Бөлүмдөр
Бейшемби, 27-июнь
Ош облусу, Ош 11.06.2019 17:43

Ошто коомдук унаалар электрондук төлөм жүргүзүүгө өткөндөн кийин жол кире кымбаттады

Төлөм карталары
Төлөм карталары

Turmush -  Ош шаарында коомдук унааларда электрондук төлөм жүргүзүү системасы киргизилгендиктен автобус жана троллейбустагы жол киренин баасы кымбаттады. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын транспорт бөлүмүнүн башкы адиси Максуд Маматазизов билдирди.

Анын айтымында, Ош шаардык кеңешинин токтому боюнча, 22-майдан тарта муниципалдык коомдук унааларда жол кирени төлөө автоматташтырылып, төлөмдөр атайын карта менен жүргүзүлө баштаган. Ал эми төлөм карталары жок шаар тургундары автобус менен троллейбуска 10 сомдон төлөөгө милдеттендирилген.

«Коррупцияны алдын алуу максатында жана шаар тургундарын төлөм карталарын колдонууга көндүрүү үчүн токтом иштелип чыккан. Төлөм карталары 3 түрдүү болот — окуучулар үчүн, пенсионерлер үчүн жана жөнөкөй жарандар үчүн. Ар бир жаран шаардагы 5 жерден же айдоочулардан төлөм карталарын сатып ала алышат», - деди М.Маматазизов.

Өлкө боюнча алгачкылардан болуп Ош шаарында коомдук унааларда электрондук төлөм жүргүзүү киргизилип баштаган. Жергиликтүү тургундар мындай жаңы системага толугу менен өтө элек. Көпчүлүгү мурдагыдай эле жол кирени айдоочунун колуна берип келишет. Эми жаңы система менен иш алып баруу үчүн төлөм карталары жок жарандар төлөм карталары менен жол кире төлөгөндөргө салыштырмалуу 2 сомдон 4 сомго чейин көбүрөөк төлөөгө мажбур болушат.

Turmush басылмасы 25-февралда Ош шаарындагы коомдук транспорттордо электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган системалар иштеп баштаганын жазган.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×