Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Ош облусу, Ош 12.06.2019 11:58 На русском

Төрөтканада каза болгон келин уул төрөгөн: Башкы дарыгер качып, кайын журту доодон баш тартты. Видео

Ош облустук төрөт үйү
Ош облустук төрөт үйү

Turmush -  Ош облустук төрөт үйүндө каза болгон келиндин туугандары дарыгерлерге «маркумдун денесин сойдурбайбыз, дообуз жок» деп тил кат жазып беришкен. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

9-июнь күнү Ош облустук төрөт үйүндө 26 жаштагы Т.к.К. аттуу келин төрөттөн кийин көз жумган. Анын туугандары келиндин денесин төрөт үйүнөн 3 сааттан бери ала албай жатканын айтышып, жергиликтүү кабарчыга билдиришкен.

Окуяга күбө болгондордун бири Алтынбек аттуу мырза төрөгөн келин операция учурунда каза болгонун айтууда.

«Мага туугандары (келиндин) "бирдигибиз жок, сиздин телефонуңуз менен журналисттерге чалып алалы" дешкен. Келин жакшы эле төрөп, жолдошу менен сүйлөшүптүр. Төрөттөн кийин келинди операцияга алып кирип кетишкен, ошондон кийин эле каза болуптур. Анын денесин ооруканадан алып кете албай жүрүштү», - деди күбө.

Аймактык кабарчы келиндин эмнеден улам каза болгонун билүү үчүн Ош облустук төрөткананын башкы дарыгери Гүлбара Кенжебаевага барганда дарыгер жооп берүүдөн баш тартып, унаасына отуруп кетип калган.

Каза болгон Т.к.К. Ноокат районунун тургуну. Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнө келин болуп барган. Аймактык кабарчы Папан айыл өкмөтүнө маалымат алуу үчүн барганда келиндин кайын журту дагы маалымат берүүдөн баш тартышып, тил кат жазып беришкенин билдиришти.

«Тил кат жазып бергенден кийин бир нерсе деп сүйлөп койсок, өзүбүзгө түйшүк жаралат», - деди келиндин кайын агасы.

Ал эми үй-бүлөнүн кошунасы Б.И. каза болгон келиндин артында 3 баласы калганын айтты.

«Т.к.К.нын эки баласы бар болчу. "Ооруканадан уул төрөгөн" деп айтышты. Алгач келинди Ноокат районунун төрөт үйүнө алып барышкан, ал жактан "абалы оор" деп, дароо Ош облустук төрөт үйүнө жөнөтүшүптүр. "Суусу кургап калган" деп жатышат. Бала төрөлгөндөн кийин тону жабышып калып, операция жасашып, анан операция учурунда көп кан кетип каза болуптур. Келиндин өлүмүн аныктоо үчүн соёбуз дешкенинен туугандары "эки жолу өлтүрүшөбү" дешип болбой коюшуптур», - деди кошуна жашаган Б.И.

Ал эми Ноокат райондук ооруканасынын башчысы Асамидин Марипов келиндин эмнеден улам каза болгонун билбей турганын билдирди.

«Негизи Папандан дароо облустук төрөтканага барышы керек болчу. Биздин ооруканага келгенде суусу кетип жаткан экен. Эгер төрөтүнө чейин дагы 2-3 саат бар болсо, облустук төрөтканага жиберебиз. Тез жардам унаасынын кушеткасы катуу болгондуктан, өздөрүнүн унаасы менен эле кетишкен. Биздин дарыгерлер кабарлашканда төрөт залына кирип баратканын айтышкан. Жакшы эле төрөгөн экен, эмне себептен каза болгонун биз да билбейбиз. Дем алыш күнү төрөп калыптыр, кандай абалда болгонун өздөрү билишет», - дейт А.Марипов.

Буга чейин облустук төрөткананын жетекчиси Гүлбара Кенжебаева келиндин өлүмү боюнча маалымат жыйын өткөргөн.

«26 жаштагы кош бойлуу келин ооруканага 8-июнь күнү эртең менен кайрылган. Бизге келгенге чейин эле каканак суусу жарылып, дене табы көтөрүлгөн экен. Биздин дарыгерлер ыкчам иш алып барышып, убагында антибиотиктерди, тийиштүү дарыларды беришкен. Айрым учурда аялдар төрөгөндөн кийин септикалык абалга (төрөттөн кийинки инфекциялык оору) кептелишет. Бул келинде да ошондой болгон. Дарыгерлер мага түнкү саат 1:20да телефон чалышты. Мен өзүмдүн унаам менен ооруканага бардым. Анализдер алынды. Биз жолдошуна "жатыны алынат" деп түшүндүрдүк. Анткени төрөттөн кийинки инфекциялар кан тамырларга өтүп кетет. Жатыны жабыркаган экен. Кан анализдерин алганда ошондой болуп чыкты.

Маркум келиндин туугандарынын алдында жүзүбүз жарык. Биз болгон аракетибизди жумшаганбыз. Бул окуяга мындан ары да баа берилет. Республикалык деңгээлдеги комиссия текшерет», - деген Г.Кенжебаева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×