Бөлүмдөр
Шаршемби, 26-июнь
Ош облусуӨзгөн району 12.06.2019 19:10 На русском

Сүрөт — Өзгөндө өспүрүмдөр арасында спорттук оюндар өттү

Turmush -  6-июнь күнү Өзгөн шаарында 8 жаштан 12 жашка чейинки окуучулар арасында спорттук оюндар уюштурулду. Бул тууралуу шаардык жаштар иштери, дене тарбия жана спорт бөлүмүнүн башкы адиси Сабырбек Калбердиев билдирди.

«Көңүлдүү старт» деп аталган спорттук оюндарга Өзгөн шаарынын 100 окуучусу катышкан.
Мелдештин соңунда катышуучуларга мэрия тарабынан сыйлыктар тапшырылып, футболка жана таттуулар берилген. Ал эми демөөрчүлөр тарабынан балмуздак таратылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×