Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 24-июнь
Нарын облусуНарын району 12.06.2019 20:37 На русском

«Атасы кызын тааныды»: Сууга агып кеткен 6 жаштагы Нуриланын денеси табылды (сүрөт)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылында Он-Арча суусуна агып кеткен 6 жаштагы кыздын денеси бүгүн, 12-июнь күнү Ак-Талаа районунан табылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Кундуз Эсенгулова билдирди.

Маалыматка караганда, саат 13:15 чамасында Ак-Талаа РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө РИИБдин кызматкери чалып, Кара-Ой айылынын түштүк тарабындагы Нарын суусунун жээгинде жансыз адамдын денеси жатканын билдирген. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, болжол менен 6-7 жаштагы кыздын жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүшкөн. Кароо учурунда сол жана оң жамбашынын алды болжол менен 10-15 см оюлгандыгы жана кыздын башына өңү кызыл түстөгү сырткы кийими оролуп калгандыгы аныкталган.

Ошондой эле денеси жээктен табылган кыз Нарын районунун Миң-Булак айылынын 2013-жылы туулган тургуну Нурила экени белгилүү болгон. Ал ушул жылдын 17-майынан бери табылбай жаткан. Кыздын денеси Ак-Талаа райондук ооруканасынын өлүкканасына жеткирилип, маркумдун өздүгүн тактоо үчүн анын атасы — Нарын районунун тургуну чакырылган.

«Атасы кызын тааныды. Бүгүн кыздын сөөгү атасына өткөрүлүп берилет», - деди Нарын ОИИБдин басма сөз катчысы К.Эсенгулова.

Буга чейин Turmush басылмасы Миң-Булак айылынын 2013-жылы туулган тургуну Нуриланы издөө иштери атасы жазган арыздын негизинде убактылуу токтотулганын жазган.

Бирок издөө иштери убактылуу токтотулганына карабай, Ак-Талаа райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү ӨКМдин Нарын облусу боюнча башкармалыгынын буйругунун негизинде издөө иштерин улантып жаткан. Ал эми издөө иштерин токтотуу боюнча арызды Нуриланын атасы 4-июнда жазган.

-------------------------------------------------------------------------------------

Окуя 17-апрель күнү кечке жуук айылдан анча алыс эмес жерде — Он-Арча суусунун жээгинде болгон. Кыздын сууга акканын көргөндөр алгач суу жээгинде жүргөн атчан адамга айтып барышкан. Бирок аны кармап калуу мүмкүн болбой калган.

Он-Арча суусу Миң-Булак айылын аралап келип, Нарын дарыясына кошулат. Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн кызматкерлери ал жерге тор тосмолорду коюшкан. Издөө иштерине өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 7 суучул, 20 куткаруучу тартылган. Мындан тышкары коңшу айылдардан жалпы 250гө жакын адамдар жардам беришүүдө. Мындай окуя мындан эки жыл мурун да болгон. Райондогу Оорук-Там айылында 2 жаштагы бала сууга агып кетип, бир айлык издөө иштеринен майнап чыкпай, табылбай калган.

Буга чейин Нуриланын жеңеси Айгүл Калиева Turmush басылмасына окуя тууралуу айтып берген.

«Апасы Элиза дагы бала бакчада иштейт. Экөө чогуу үйгө келишиптир. Нурила бала эмеспи, күндөгүдөй эшикке ойногону чыгып кетиптир. Өзү теңдүү беш-алты кошуна кыздар жана балдар менен балык көрүү үчүн сууга барышыптыр. Аны кармайм деп Нурила өзү түшүп кетиптир. Жанындагылар кичинекей да “Нурила” деп кыйкырып туруп калышыптыр. Алар коркуп, эмне кыларын билбей тура беришиптир. Ошол жакка айылдагы жаш бала атын тушаганы барып калган. Ал балага айтышыптыр. Бирок кызды таппай калыптыр. Аталган баладан сурасак, “чуркап баргыча эле эч нерсе көрүнбөй, таппай калдык” деди. Жалпы айылдыктар суу жээктерин карап, таппай жатабыз. Балким коркуп, бир жерде отурабы деп түнү менен издедик. Азыр деле айылдаштар кийинки айылдарга чейин барып издеп жатышат.

Апасы жаман абалда. Атасы дагы издеп жүрөт. Мындай окуя айылыбызда биринчи жолу болуп жатат. Мындай болуп кетерин деле билген жокпуз», - деген Айгүл Калиева.

Буга чейин Нарын облусунун Нарын районуна караштуу Миң-Булак айылындагы Он-Арча суусуна 6 жаштагы кыз түшүп кеткендигин 18-майда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирген болчу.

Маалым болгондой, 17-майда куткаруучуларга аталган сууга 2013-жылы туулган С.Н. аттуу кыз түшүп кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×