Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусу, Ош 14.06.2019 20:00 На русском

Ошто 3 облустун ашпозчулары палоо жасап жарышты. Видео

Turmush -  Бүгүн, 14-июнь күнү Ош шаарында «Палоо фестивалы — 2019» аттуу ашпозчулардын жарышы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Фестивалга Ош облусунун 7 районунан жана Баткен, Жалал-Абад облустарынан келген ашпозчулар катышты. Соода-өнөр жай палатасынын түштүк департаментинин жетекчисинин орун басары Кайрулла Пазыловдун айтымында, фестивалдын жүрүшүндө 12 казанга палоо жасалды.

«Аталган фестиваль жыл сайын өткөрүлөт. Анткени элдин көбү кандай күрүчтөн кандай палоо жасаларын унутуп баратышат. Бүгүнкү фестивалда Ош, Баткен жана Жалал-Абад облусунун ашпозчулары арасында да тажрыйба алмаштуу болду. 12 казанда бышырылган палоонун ичинен комиссия тарабынан 9 казандагы палоо жактырылып, аларды бышырган ашпозчуларга баалуу белектер тапшырылды. 1-орунга Өзгөн, Ноокат, Ош, Кызыл-Кыя шаарларынын жана Кара-Суу районунун ашпозчулары ээ болушту. Аларга 3 миң сомдук баалуу белектер жана 1,5 миң сом акчалай сыйлык ыйгарылды. 2-орунга Араван, Кара-Суу, Өзгөн райондорунун жана Ош шаарынын 2 командасы илинип, 2 миң сомдук тиричилик буюмдары жана 1,5 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды», - деди К.Пазылов.

Ал эми 20 жылдан бери ашпозчу болуп иштеген Апсатар Тулянов палоо басуунун сырларын айтып берди.

«1 саатта палоо басам деген ашпозчунун тамагы жакшы болбойт. Анткени жакшы палоо жасаш үчүн кеминде 1,5-2 саат убакыт керек. Казан асып, ага май куюп, май ысыгандан кийин пияз салып, эт куурулуп, анан тууралган сабиз салынат. 45 мүнөт кайнаткандан кийин туз салынат. Күрүчтү салгандан кийин 20-30 мүнөт демдеш керек. Палоону көп жылдардан бери Өзгөн жана Баткендин күрүчүнөн басам», - дейт ашпозчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×