Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусу, Ош 18.06.2019 16:47 На русском

Оштогу базарлардагы коон-дарбызда зыяндуу заттардын көлөмү жогору. Адистер сак болууну эскертүүдө

Turmush -  Коңшу өлкөлөрдөн Кыргызстанга алынып келген коон, дарбыздардын зыяндуулугу белгиленген нормадан 15 эсе көп болууда. Бул тууралуу Түштүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун директору Ислам Абдумомунов билдирди.

Сатуучулар Ош шаарынын борбордук базарында сатылып жаткан коон, дарбыздар Тажикстан менен Өзбекстандан алынып келип жатканын билдиришти. Учурда анделек 30 сомдон 80-100 сомго чейин бааланса, дарбыздын баасы 100-140 сом (1 даана) болууда.

Түштүк регион боюнча ветеринардык диагностика жана экспертиза борборунун директору Ислам Абдумомунов дары-дармек менен өстүрүлгөн коон, дарбыздарга токтотулду.

«Биз базардагы коон, дарбыздарды текшере албайбыз. 10 күн мурда ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын кызматкерлери бизге текшерүү үчүн коон, дарбыздарды алып келишкен. Биз лабораториядан корутундусун жазып бергенбиз. Дарбыздагы зыяндуу нитраттын көрсөткүчү 150 болду. Негизи дарбыз менен коондогу азоттун көрсөткүчү 10 пайыздан ашпашы керек. Бирок коондогу нитраттын көрсөткүчү 150дөн да жогору чыкты. Ар бир өсүмдүк белгилүү бир мезгилде өсөт. Коон, дарбыздар июль айынын аягында, август айынын башында жетилет. Бирок ага карабай дыйкандар өздөрүнүн кызыкчылыгын элдин ден соолугунан да жогору коюп жатышат. Жашылча-жемиштерде нитраттын көлөмүнүн жогору болушу тукумсуздукка алып келет. Мындай коон, дарбыздарды өлкөгө киргизбей, жок кылыш керек. Жаш балдарда аллергия, ал эми чоң кишилерде бөйрөк, боор, жүрөк ооруларын да пайда кылат», - деди И.Абдумомунов.

Коңшу өлкөлөрдөн алынып келген жашылча-жемиштердин зыяндуулугун Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин алдындагы Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча департаменти көзөмөлдөйт. Аталган департаменттин Ош шаарындагы башкармалыгынын жетекчиси Эркин Кадыров дагы зыяндуу дарбыздар Баткен облусу аркылуу Тажикстандан кирип жатышы мүмкүн экенин билдирди.

«Биз Ош облусуна гана жооп беребиз. Кара-Суу районундагы "Достук" өткөрмө бекетинен бир дагы коон, дарбыз өткөн жок. Соңку 16 күндүн ичинде Өзбекстандан бизге 294 тонна помидор, 574,7 тонна сабиз, 4,7 тонна баклажан, 7,7 тонна болгар калемпири, 5,9 тонна ачуу калемпир, 1,5 тонна капуста, 21,2 тонна бадыраң кирген.

Мөмө-жемиштерден 38,4 тонна алма, 480,1 тонна өрүк, 199 тонна гилас, 33,5 тонна шабдалы, 1,3 тонна жүзүм кирген», - деди Э.Кадыров.

Ал эми Баткен облустук өсүмдүктөрдүн карантини боюнча башкармалыгынын жетекчиси Шерали Мидиновдун айтымында, соңку 10 күндө Тажикстан мамлекетинен Кыргызстанга бир дагы коон, дарбыз өткөрмө посттордон өткөн эмес.

«Баткен облусунда 5 пост бар. Коон, дарбыздар аткезчилик жол менен гана өтүшү мүмкүн», - деди Ш.Мидинов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×