Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусу, Ош 18.06.2019 20:00 На русском

Оштогу төрөт үйлөрүнө 500 миң долларлык жаңы аппараттар тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  Ош облустук төрөт үйүнө жаңы медициналык жабдыктар тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Кечээ, 17-июнда Ош облустук төрөт үйүнүн жандандыруу бөлүмүнө Япониянын Кыргызстандагы элчилиги жана ЮНИСЕФ балдар фонду тарабынан ара жана тубаса кемтик төрөлгөн ымыркайлар үчүн көп функционалдуу заманбап аппараттар берилген. Ушундай эле аппараттар Ош шаардык, Кара-Суу райондук жана Жала-Абад облустук төрөт үйлөрүнө дагы тапшырылган.

«Белекке берилген жабдыктардын жалпы баасы 500 миң долларга барабар», - деп айтылат өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматында.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×