Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 21.06.2019 13:50

Ош шаарында 32 жаштагы адам 4-кабаттан секирип жиберип жаракат алды

Город Ош
Город Ош

Turmush -  Кечээ, 20-июнда Ош шаарынын 32 жаштагы тургуну көп кабаттуу үйдүн 4-кабатынан секирип кетип жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, кырсык саат 23:20 чамасында Курманжан датка көчөсүндө болгон. Шаардын 1987-жылы туулган тургуну А.А. 4-кабаттан секирип, 1-кабатта жайгашкан оорукананын чатырына кулап түшүп, бутун кокустатып алган. ӨКМдин куткаруучулары аны чатырдан алып түшүп, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Учурда абалы канааттандырарлык.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×