Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 21.06.2019 15:31 На русском

Ошто мыкаачылык менен сабалып өлтүрүлгөн студенттин жакындары соттун алдына чогулушту. Видео

Turmush -  Бүгүн, 21-июнь күнү Ош шаардык соту 2017-жылы студенттин өлүмүнө шектүү катары кармалган балдарга өкүм чыгарат. Маркумдун жакындары адилет чечим чыгарууну талап кылып, шаардык соттун алдына чогулушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маркум студенттин атасы Саатбек Жумагуловдун айтымында, уулун 7 бала сабап, андан соң ага мажбурлап спирт ичимдигин ичиришкен.

«Окуя 2017-жылы 3-декабрга караган түнү 22:30 чамасында катталган. Уулумду студент балдар үйдөн чакырышып, ур-токмокко алышкан жана ага мажбурлап коньяк ичиришип, мас кылып салышкан. Андан соң башына катуу темирби же башка бир нерсе менен чаап өлтүрүшкөн. Аны бийиктиги 3 метр 60 см болгон бетон тосмодон чуңкурга таштап кетишкен. Кармалган балдар алгачкы көрсөтмөлөрүн ушинтип беришкен. Анан жактоочу жалдашкандан кийин көрсөтмөлөрүн өзгөртө башташты. Алар "бизди ушинтип көрсөтмө берүүгө мажбурлашты" деп жатышат. Бирок ким мажбурлаганын айтышкан жок. Азыр баламды өлтүргөн 7 бала тең убактылуу кармоочу жайда. Тергөөчүлөр алардын буга чейин да студент балдарды карактап, ур-токмокко алып жүрүшкөнүн аныкташкан. Менимче баламдан да акча тоношкон», - деди С.Жумагулов.

Ал жубайы оорукчан экенин айтып, уулу окуусун аяктаса апасын дарылайм деп айтып жүргөнүн кошумчалады.

«Балам медициналык колледжде 1-курста окучу. Ошко келгенине 3 ай боло элек эле. Ал бейбаштык кылгыдай шаарды жакшы билбейт болчу. Окуган жерине жашаган үйү жакын болуп, кирип-чыгып окуусуна барып жүргөн», - деди атасы.

Ал эми маркум студенттин апасы Дилбар Жумагулова уулун өлтүргөндөр жеңил жаза менен кутулбаш керек экенин билдирди.

«Бир дагы ата-энени баласынан айрыбасын. Сабаган балдардын бирөөндө да аеё сезими болгон эмес. Бирөөсү жардам берсе, балам аман калмак. Алар жеңил жаза албаш керек. Сот отуруму 1 жыл 7 айдан бери созулуп келе жатат», - дейт Д.Жумагулова.

3-майда АКИpress-Ошто студенттин өлүмүнө шектүү катары кармалган балдардын ата-энелери маалымат жыйын куруп, уулдары күнөөсүз камалганын, тергөө иштери чабал жүрүп жатканын айтышкан.

Каза болгон студент Лейлек районунун Маргум айыл өкмөтүнө караштуу Дархум айылынын тургуну болгон.

Окуя тууралуу:

2017-жылы 3-декабрь күнү саат 22:30 чамасында милиция кызматкерлери Ош шаарындагы Н.Исанов көчөсүнө чакыруу боюнча барышкан. Ал жерде унаа токтоочу жайдын артында башы жарылган 18-25 жаштар чамасындагы адамдан жансыз денеси табылган болчу. Иликтөөнүн жыйынтыгында каза болгон жаран Баткен облусунун Лейлек районунун Даркум айылынын 1999-жылы туулган тургуну С.Дөөлөтбек экени аныкталган. Ал Ош мамлекеттик социалдык университетинде 1-курста билим алып жаткан.

Кийин бул окуяга шектүү катары 7 студент жигит кармалып, камакка алынган. Ошондон бери тергөө иштери улантылып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

05.12.2017Ошто студенттин өлүмүнө шектелип 6 жигит кармалды
05.12.2017Ошто студенттин өлүмүнө шектелип кармалган 6 жигит аны өлтүрүшпөгөндүгүн айтышууда, - Ош ШИИБ
06.12.2017Ошто студенттин өлүмүнө шектелип кармалган 6 жигит 2 айга камакка калтырылды
02.05.20181-курстагы студенттин өлүмү: Камактагы шектүүлөрдүн жакындары нааразычылык билдирип чыгышты (фото, видео)
02.05.2018АКИпресс-Ошто маалымат жыйын: Студенттин өлүмү...
03.05.2018Студенттин өлүмү: 7 шектүүнүн ата-энеси президентке кайрылуу жолдоду (видео)
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×