Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 22.06.2019 10:54 На русском

«Сенден өч алганы келдим»: Жаш кызды өзүнүн батиринде зордуктоого шектелген жигит кармалды

Turmush -  Ош шаарында 27 жаштагы жигит 24 жаштагы кызды зордуктоого шектелүүдө. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 22-июнда Ош ШИИБден тастыкташты.

Маалым болгондой, 20-июнь күнү саат 21:30 чамасында Ош ШИИБге Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда төрөлгөн кыз арыз менен кайрылган. Ал Ош шаарындагы батирлердин биринде жашай тургандыгын айткан. Түндө кара кепка кийип, кара көз айнек тагынган, бет капчан жигит батирине кирип келип, «сенден өч алганы келдим» деп зордуктаганын билдирген. Аталган кылмышка шектүү катары 27 жаштагы жигит кармалды. Ал өз көрсөтмөсүндө кыз буга чейин аны каматып салганы үчүн ушул ишке барганын билдирген. Ага 202-берене (каракчылык) менен кылмыш иш козголду. Ал эми кыздын зордукталгандыгы боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Кылмышка шектүү жигиттин буга чейин эмне себептен, кайсы кылмыш менен камалганы боюнча да текшерүү жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×