Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Озгон 24.06.2019 10:55 На русском

Мамкаттоо Өзгөндөгү Калкты тейлөө борборуна карата айтылган сынга жооп берди

Turmush -  Өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматы социалдык тармактын колдонуучулары Өзгөн районундагы Калкты тейлөө борборуна карата билдирген нааразычылыгына жооп берди.

Алардын маалыматына караганда, Өзгөн шаарында калктын саны көп болгондуктан Калкты тейлөө борборуна кайрылгандардын саны дагы көп болот. Андыктан борбор тарабынан кызмат көрсөтүүнүн шарттарын жакшыртуу үчүн дайыма иш-аракеттер көрүлүп турат.

«Өзгөн шаарында жаңы форматтагы Калкты тейлөө борборунун ачылыш аземи 2017-жылдын 22-майында өткөн. Анын имараты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, тиешелүү эмеректер менен камсыздалган. Ал шаар тургундарына ыңгайлуу болушу үчүн борбордук көчөдө жайгашкан имаратта орун алган. Имарат мамлекеттик башка мекемелерге дагы жакын. Анын аянты 350 чарчы метрди түзөт. Борбордо «Бирдиктүү терезе» принцибинин негизинде паспорт жана жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрү бир жайгашкан. Алар жашаган жери боюнча каттоо, жеке идентификациялык номур берүү, нике, наристенин туулгандыгын каттоо сыяктуу кызматтарды көрсөтөт.

Буга чейин паспорт кызматы шаардагы бир кабаттуу, шарты жок (күтүү залы болгон эмес жана санитардык нормалар талабына жооп бербеген) эски имаратта жайгашкан.

Өзгөн шаарындагы калктын санын эске алып, экинчи Калкты тейлөө борборун ачуу пландалууда. Жаңы борбордун имараты табылып, аны оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, тийиштүү эмеректерди алуу үчүн акча каражатын табуу маселеси чечилип жатат.

Ал эми борбордун кызматкерлеринин орой маилеси боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына 0312 62 41 40 же 119 (чалуу акысыз) номурлары аркылуу байланышса болот», - деп айтылат билдирүүдө.

ЦОН города Узген

работа со СМИ (2)

Буга чейин Turmush басылмасы Өзгөн районундагы Калкты тейлөө борборунун абалы социалдык тармактын колдонуучуларынын арасында нааразычылыктарды жаратканын жазган. Алар борбордон бир документ алуу үчүн 3-4 саат кезекке туруу керек экенин жазышкан.

Социалдык тармактардан: «Борбордун ичинде бош орун жок, карыган адамдар, баласы менен келгендер, кош бойлуу келиндер үчүн абал оор. Таанышың болсо, ишиң бат эле бүтөт. Ушундай маселелер качан чечилет?» деген билдирүүлөрдү көрүүгө болот.

Толук маалымат бул шилтемеде

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×