Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусуКара-Суу району 24.06.2019 14:54

Кара-Сууда дыйкандар дан өсүмдүктөрдүн сорттору менен таанышты (сүрөт)

Turmush -  Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Калинин айылындагы мамлекеттик комплекстүү сортторду сыноо тилкесинде бир катар дан өсүмдүктөрдүн жана пахтанын түрлөрү сыноодон өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу райондук айыл чарба бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, күздүк буудайдын 52 сорту, жазгы буудайдын 20 сорту, жазгы арпанын 17 сорту, пахтанын 33 сорту, жүгөрүнүн 72 гибриди, күн караманын 10 гибриди жана соянын 16 сорту сыноодон өтүүдө. Анын алкагында дыйкандар кылкандуу дан эгиндеринин жана соянын жаңы сорттору, ошондой эле аларды өстүрүүнүн агротехникасы менен тааныштырылып жатат. Семинарда дыйкандар өздөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүп, көйгөйлөрүн дагы айтышты.

Кара-Суу мамлекеттик комплекстүү сортторду сыноо тилкесинде соңку 3 жылдан бери күздүк буудайдын 15 сорту сыноодон өткөрүлүп, дыйкандарга сунушталып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×