Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусу, Озгон 24.06.2019 18:11 На русском

Өзгөндө кагаз жок делген мекемеден 6 миң сомго айдоочулук күбөлүк алып жатышат, - жашоочулар. Видео

Turmush -  Атын атагысы келбеген жаран «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Өзгөндөгү бөлүмүнөн айдоочулук күбөлүгүн алмаштыруу үчүн 6 миң сом акча бергенин аймактык кабарчыга билдирди.

Акча берген жаран Россияга кетүү үчүн тез арада айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууга мажбур болгонун кошумчалады. Ал Өзгөн шаарындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесине кайрылганда алгач айдоочулук күбөлүктүн кагазы жок экенин айтышкан.

«Мен буга чейин Россияда иштеп жүргөм. Жаңы айдоочулук күбөлүк алуу үчүн “Унаа” мамлекеттик мекемесинин Өзгөндөгү бөлүмүнө кайрылсам, кызматкерлер “айдоочулук күбөлүктүн кагазы жок” деп айтышты. Бирок мен 6 миң сом менен алмаштырып алдым. Мага айдоочулук күбөлүк тез арада керек экенин билип туруп “жок” деп коюшту окшойт. Эртең буюрса Россияга кетебиз», - деди ал.

Айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 10 миң сом бердим деген Жумагүл сынак учурунда мекемеде иштеген кызматкерлер суроолордун жоопторун өздөрү белгилеп бергенин айтты.

«Б категориясындагы айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн 10 миң сом акчам кетти. 3 ай мурда унаа мектебине жазылгам. Бирок сабакка да барган эмесмин. Сынак учурунда суроолордун жоопторун мен белгилеген жокмун, кызматкерлер өздөрү белгилеп беришти. “Силер белгилебегиле, ката тоголоктоп коёсуңар, компьютерге түшүп калат” дешти», - дейт Жумагүл.

Россияга кетип жаткан 20 жаштагы Н. дагы тез арада айдоочулук күбөлүк алуу үчүн 20 миң 500 жүз сом коротконун билдирди.

«Эртең Россияга кетем. Банкка 8 миң 500 жүз сом төлөдүм. Кызматкерлердин колуна 6 миң сом бердим. Бүгүн дагы экинчи ирет 6 миң сом бердим. Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн 3 күндөн бери жакшы чай иче элекмин», - деди Н.

Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин Өзгөн аймактык бөлүмүнүн башчысы Акимбай Султанов маалымат бере албай турганын билдирди.

«Мен бул боюнча маалымат бере албайм. Себеби бизге массалык маалымат каражаттарына маалымат берүүгө тыюу салынган. Бирок биз келген жарандарга колдон келген жардамды берип жатабыз. Бизде жашыра турган эч нерсе жок. Азыр Бишкектен жетекчилерибиз алмашып, акырындан иретке келип жатабыз. Автомектептер боюнча мага деле арыздар түшүп жатат. Бирок автомектептерди көзөмөлдөп турууга укугубуз жок. Мурда бар болчу. Россияга кетип жаткандарга, тез арада айдоочулук күбөлүккө муктаж болуп жаткан жарандарга жардам берип жатабыз. Бир-эки айда баары ордуна келип, жаңы айдоочулук күбөлүктөр келет. Азырынча 6 айга чейинки убактылуу күбөлүктөр берилип жатат. Буюрса техпаспорт жана айдоочулук күбөлүктөрдүн да баасы арзандайт деп жатышат», - деди Акимбай Султанов.

Эл эми Мамкаттоонун алдындагы «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директорунун орун басары Усеин Касымалиев Ош облусунда айдоочулук күбөлүктү 4 жерден алууга болорун билдирди.

«Айдоочулук күбөлүктү Ош шаарындагы эки жерден — бири шаарга караштуу, экинчиси облуска караштуу бөлүмдөрдөн жана Өзгөн, Алай райондорунан алса болот», - деди У.Касымалиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×