Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 25.06.2019 10:35 На русском

«Мелис, айланайын, каякта?»: Прокурор М.Калыбеков маркум жетекчисин кантип издешкенин айтып берди. Видео

Мирлан Калыбеков
Мирлан Калыбеков

Turmush -  17-июнь күнү Ош шаардык сотунда Баткен облусунун мурунку прокурору — маркум Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө шектүү катары кармалган капиталдык курулуш башкармалыгынын мурунку башчысы Мелис Калыковдун кылмыш иши каралган.

Күндүн биринчи жарымында күбө катары прокурордун ошол кездеги орун басары Арсланбек Байболсунов суралган. Андан кийин Баткен районунун ошол кездеги прокурору Мирлан Калыбеков окуя тууралуу айтып берди.

Буга чейин Turmush басылмасы 2018-жылдын 16-ноябрь күнү облустагы прокуратура кызматкерлерин Баткен облустук прокуратурасынын кызматкери Азамат Калыков баласынын сүннөт тоюна чакырганын жазган.

Мирлан Калыбеков: - Тойдо отурганбыз. Бир убакта электр жарыгы өчүп калды. Сыртка чыгып, «свет өчүп калды, эмне болуп жатат?» деп чалдым, «15 мүнөттө күйөт» дешти. Анан кафеге кайра кирсем, биздин столдо Эмилбек Ажибеков эле отуруптур. Калгандары башка столго көчүп кетишиптир. Ал жерде Анарбай Кубатидинович (А.Мамажакыпов) менен Арсланбек Байболсунов жок экен. «Шефтер каякка кетти?» десем, «арткы эшик менен чыгып кетишти, тамеки чегип жатышат окшойт» дешти. Кафенин артында Анарбай Кубатидинович, А.Байболсунов, Мелис Калыков үчөө тамеки тартып, сүйлөшүп турушуптур. Ошол жерде сүйлөшүп туруп калдык. Бир убакта Анарбай Кубатидинович, «эртең, ишемби күнү тоого чыгып, эс алып келбейлиби?» деди. Мен макул болдум. Анарбай Кубатидинович М.Калыковго: «Сен жакшы унаа тап, бизди сен алып барып кел», - деп кайрылды. Ошентип кайра кафеге кирдик.

Эртеси жумушка келдим. Анан Эмил Ажибеков «Мирлан, эмне болдуңар?» деп чалды. Орун басарым Санжар Кочкорбаевдин 12-калибрдеги мылтыгы бар болчу, «ошону ала келбейсиңби?» деди. Макул болдум. Эрнист деген досум бар, ага чалып, биз менен кошо тоого чыгып, жардам берип коюшун сурандым. «3-4 саат отуруп эле кайра келебиз» дедим. Анан Эрнист келип калды. Экөөбүз үйгө бардык, эт, майларды алдык. Мен үйдөн 3 төшөк, «Соболь» ок атуучу куралын алдым. Аларды «Нива» үлгүсүндөгү унаага салып, отун алдык. Бир убакта Мелис Калыков келип калды, «Анарбай Кубатидинович чачтарачка кетти» деди. Анан отундарды, төшөктөрдү Мелис Калыков айдап келген унаага салып, Баткен облустук прокуратурасынын алдына бардык. Эмил Зулпукаров, А.Байболсунов, Улан Эгембердиев облустук прокуратуранын алдында турушуптур. Мен облустук прокуратурага кирип чыксам эле, баары унаага отуруп калышыптыр. Ал жерде Анарбай Кубатидинович «биз силердин артыңардан жылабыз, силер эртерээк барып, даярдана бергиле» деп айтып калды. «Кантип табабыз?» дешкенде «Рабат жайлоосуна бурулганда эле эки ача жол бар, ошол жактан оң жакка карай кете бересиңер» дедим. Мен айдаган унаада Эрнист Базарбай уулу, артында Эмил Ажибеков, анан Эгембердиев отурган. «Лексус» унаасында Мелис Калыков, А.Байболсунов, Анарбай Кубатидинович, Кожоназаров калышкан. Орун басарыма таш кордо жасатып койбойсуңбу деп дайындап койгом. Ошону күтүп калдык. 20 мүнөттөй күткөндөн кийин таш кордону алып чыгып, салып беришти. Аны алып, Баткен шаарынан чыктык. Төрт-Күл суу сактагычына аз калганда «Лексус» токтоп туруптур. Бизге кол жаңсап, кете бергиле дешти. Рабат жайлоосуна баруучу жолдо таштан белги жасап жатсак, Мелис Калыков башкарган унаа келип калды. Музыканы абдан катуу коюп алышыптыр.

Анан жайлоого бардык. Эмил Ажибеков мылтыкты алып, «кекилик карап көрөйүн» деп басып кетти. Арадан 20 мүнөт өттү окшойт. Мен дагы мылтыгымды алып, тоого чыгып кеттим. Баратсам Улан Эгембердиев мен айдаган «Ниваны» ылдый жакты көздөй айдап кетти. Эки саат, бир жарым саат убакыт өткөндөн кийин кайра келдим. Келсем музыканы аябай катуу коюп, таштын үстүнө бута коюп, ичилген арактардын бөтөлкөлөрүн атып жатышыптыр. Мен келсем эле «Мирландын мылтыгы оптикасы менен, сеники менен аталы» деп калышты. Биринчи Кожоназаров же Ажибеков аттыбы, аныгын эстей албайм, экөөнүн бирөөсү атты. Андан кийин Анарбай Кубатидинович сурады. Мылтыкка 5 ок салып бердим. Ал киши ташка отуруп алып, бөтөлкөлөрдү атып жаткан, бирок тийгизе алган жок. Аңгыча шишкебек бышты. Алып барган устукандарды ар бирине тараттык. Ошентип саат 17:00 чамасында бата кылып, жөнөдүк. Ал жерден Анарбай Кубатидинович эки орун басары, эки бөлүм башчысы менен жөө ылдый көздөй түшүп кетти. Эрнист Базарбай уулу, Мелис Калыков үчөөбүз калганбыз. Ага чейин Мелистин мылтыгын таштын үстүндө турганын көргөм. Калибри канча экенин сураган эмесмин, билген да эмесмин.

Мен төшөктөрдү унаага салып жатканда Мелис Калыков мылтыгын чачып, бөлүп жаткан. Сары октору бар экен, аны чөнтөгүнөн алып, чоң сумкасына салып жатты. Анан Анарбай Кубатидиновичтерге жеттик. Анарбай Кубатидинович жаныма отуруп, «мен "Ниваны" жакшы көрөм, аны көптөн бери айдайм, Таласта дагы "Нива" айдап жүргөм» деп сүйлөшүп калдык. Анан Мелис Калыков келип, «Анарбай Кубатидинович, сиздин ордуңуз "Жипте" ("Лексус") да» деп, алып барып отургузуп койду. Ар ким ар кайсы жерге тарап кеткендиктен «отургула» деп, Байболсунов унаанын артында жүргөн экен. Аны «Лексустун» артына отургузуп, айланып бассам «Лексустун» бир жак эшиги ачык экен. Эшиктин чөнтөгүндө кара тапанча бар экен. М.Калыков ошол убакта «Нива» жакта туруптур. Анан тапанчаны алып, «Мелис, бул эмне тапанча?» десем, «аны Алишердин баласын атканы салып койгом» деди. Тапанчаны алып, «Ниванын» алдыңкы эки отургучунун ортосундагы чүпүрөккө ороп, салонундагы чөнтөккө салып койгом.

Ылдый жакка түштүк. Жарым километр жүргөндөн кийин «Лексус» токтоп калды. Ал жерден арак ичилди. Унаанын ичиндеги арактын кутусун ошол жерге ташташты. Капчыгайдан чыкканда дагы токтодук. Ал жерде Кожоназаров, Байболсунов, Анарбай Кубатидинович, Мелис Калыков болуп арак ичтик. Ошол жерден сүрөткө түшөлү деп, Эрнист Базарбай уулу сүрөткө тартты. Анан «Лексус» алдыга кетти, ал унаада Анарбай Кубатидинович отурган. Эрнист рулда болчу. Унаанын артында Байболсунов менен Калыков бар болчу. Жолго чыкканыбызга 20 мүнөт болгондон кийин Төрт-Күл суу сактагычынын жанында «Лексус» токтоп туруптур. Биз дагы токтоп, түштүк. Менин колумда маңгал бар болчу. Сууга жууп келе калайын деп көлгө бардым. Колу-бетимди жууп келсем «Лексус» жок экен. Байболсунов «шефтер кетти» деди. Карасам Мелис Калыков менен Анарбай Кубатидинович экөө эле жок. «Ниваны» карасам, анын артына Мелис Калыковдун унаасындагы төшөктөрдүн баарын салып коюшуптур. Маңгалдарды да менин унаама («Нива») жүктөшүптүр. Арткы отургучтарга дагы жүктөп коюшуптур. Батпай калгандыктан Эмил Ажибеков айдоочусуна чалды. Ал жерде 20 мүнөттөй күтүп турдук окшойт. Эмил Зулпукаровичтин кызматтык унаасына Байболсунов, Ажибеков, Улан Эгембердиев, айдоочусу болуп төртөө кетти. Аркасынан мен кеттим. Менин унаама Эрнист Базарбай уулу, артына Алтынбек Кожоназаров отурду.

Баткен шаарына кирип келдик. Мэриянын көчөсү менен облустук прокуратуранын алдына бардым. Анткени Алтынбек Кожоназаровдун өзүнүн унаасы облустук прокуратуранын алдында экен. Аны таштап, Эрнист Базарбай уулу экөөбүз үйгө бардык. Үйгө барганда маңгал, төшөктөрдүн баарын түшүрдүк. Бир устукан калыптыр. Анан «Анарбай Кубатидиновичтин устуканы кана?» деп Байболсуновго чалдым. Байболсунов «мага андай устукан келген жок» деди. Анан Эмил Зулпукаровичке чалдымбы же чалган жокмунбу түшүнбөй калдым. Көрсө Анарбай Кубатидиновичтин устуканын алдыңкы отургучка коюп коюшуптур. Анан А.Кубатидиновичке чалдым. Эки номери бар болчу. Экөө тең өчүк. М.Калыковго чалдым. Калыковдун номуру «жеткиликтүү эмес» деп чыкты. Кайда кетип калышты деп ойлонуп калдык. Тоодо отурганда мончого барабыз деп сөз болуп жаткан. Биз мончого барышпаса да бир кафеде отурушкандыр деп ойлодук. Баткен шаарынын кире беришинде бир кафе бар болчу. Ошол жерге бардык. Баткен райондук сотунун алдында эки-үч мончо бар болчу, ошол жакка да бардык. Улам чалып жаттым. Телефондору өчүк болуп жатты. Эрнист «мен чарчадым, үйгө калам» деди. Эрнистти үйүнө алып барып таштап, Улан Эгембердиевге чалсам «бул жакта ак "Лексус" өтүп бара жаткан, номурун көрө албай калдым, ошону кууп баратам» деди. Мелис Калыков Баткен шаарынын мэринин «Лексусун» алам деп жаткан. Анан мен мэрге чалдым. Ал «унаа меники эмес, бир инилердики, мен алар менен байланыштым, биз дагы издеп жүрөбүз» деди. Ал киши менен 3-4 жолу байланыштым. Сарсанаа болуп издей баштадым.

Облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысына чалып, «балдарыңызга 0080 БИ, 0088 БИ номурундагы "Лексусту" каратып коюңузчу» дедим. Баткен шаарынын мэри Мелис бир ичкенде оюндагысын бербейт, Ошко да кетип калышы мүмкүн дегенинен, кайра облустук ЖКККБнын башчысына чалдым. Ошко дагы кетип калышы мүмкүн деп жатышат, Кызыл-Кыя, Кадамжайдын жолун каратып коюңузчу дедим. Айлампада туруп улам чалып жаттым. Ошол убакта Мелис Калыков баягы «Лексус» менен Лейлек тараптан келип, айлампадан оодарылып кетейин деп катуу айдап өттү. Унаанын аркасынан «80» деген номурду көрүп калып, кууп жөнөдүм. Биринчи жол чыракта кызыл жанды, аны карабай эле өттү, облустук администрациянын алдында дагы жол чырактан кызыл күйдү, аны да карабай өттү. Аркасынан «токто» деген белгини берип, кууп барып жолун тосуп, кыстым. Ал качып жөнөдү. Жиним келип, бул эмнеге качып жатат деп түшө калсам, Мелис дагы түштү. Унаанын ичинде бир киши отуруптур. Мен Анарбай Кубатидинович окшойт деп уялып кеттим. Бирок башка адам экен. Анан Мелис «эмне болду?» деп калды. «шеф кана?» десем, «үйүнө таштап койгом» деди. Телефонуң иштебей жатат десем, иштеп жатат деди. Анан чалсам чалуу кетти, «мына, кетип эле жатпайбы?» деди. Мен Мелис Калыковдун абалын көрүп, «Лексусту» «Ниванын» артына токтоттум дагы, ачкычын алып, чөнтөгүмө салып койдум. «Ниваны» айдап, Анарбай Кубатидиновичтин үйүнө бардым. Үйүнүн дарбазасы ачык экен. Такылдатпай эле үйүнө кирип бардым. Анарбай Кубатидиновичтин келинчеги — Айнура жеңе чыкты. Баласы Ибрагим, келини болуп ашканадан чыгышты. Жеңемден «шеф келдиби?» деп сурадым, «жок» деди. Анарбай Кубатидиновичтин уулу Ибрагим менен «Нивага» отуруп, «Лексус» турган жерге келдик. Барып эле «Лексустагы» канды көрүп калдым. Ибрагим унааны ачып, «атамдын кепкасы дагы бул жакта турбайбы» деди. Унаанын ичинде рациясы дагы бар экен. Ошол рацияны тоодо бушлатынын чөнтөгүнө салып жүргөн. Мелис Калыков менен жанында отурган киши жок экен. Анан Ибрагим менен шок болгон бойдон Мелис Калыковдун үйүнө бардым. Эмилбек Зулпукарович дагы келип калды. Бир «Нива» токтоп туруптур. «Мелис келдиби?» деп сурасак, апасы «келген жок, эмне болду?» деди. Анан үчөөбүз кайра чыгып кеттик. Мен Ибрагимди салып алып, «Лексустун» жанына бардым. Ага чейин 102 кызматына чалып, Турдумаматов көчөсүнө атайын топту жөнөткүлө, «өзгөчө кырдаал» болуп жатат дегем. Ал жакка Ибрагим экөөбүз баргандан кийин бирөө чалып, «каякта жүрөсүз, сизди ички иштер башкармалыгынын башчысы издеп жатат» деди. Каякта десем, «Баткен РИИБде» деди. Ылдый жакта турам, «Лексус» менен «Нива» турган жерге келсин дедим. Ички иштер башкармалыгынын башчысы ыкчам топ менен келди. Ага болгонун болгондой айттым. Ал жерге Баткен ОИИБдин, Баткен ШИИБдин ыкчам топтору келди. Калгандары Мелис Калыковду издеп кетишти.

Биринчи «Лексусту» кароодон өткөрүшүп, сүрөткө тартып, багажын ачышты. Багажда Мелис Калыковго тиешелүү чоң сумканын оозу ачылып, чачылган сары октор турган. Сол жакта мылтыгынын кабурасы туруптур. Анын ичин ачышса учтуу буюм бар экен. Анын башы таза, бирок эки капталы кан экен. Баарын сүрөткө тартышты. «Сиздин унааңызды да кароодон өткөрөлүбү?» дешти. Макул болдум. «Кароодон өткөрүш керек, анткени бул унаа дагы тоого барган» дедим. Анан «Ниваны» да кароодон өткөрүштү. Унаамдын чөнтөгүнөн тапанча табышты. Мен «аны Мелис Калыковдон алып, ошол жерге салып койгом» дедим. Протокол түзүштү, кол койдум. Бир убакта «Мелис табылды, үйүндө эле экен» деп чалып калышты. Азыр каякта экен десем, «мастыгын текшертип жатыптыр» дешти. Баткен ШИИБге бардым. Мелис Калыковдун маңдайында Баткен ШИИБдин башчысы отуруптур. Кирейин десем «күтө туруңуз, сүйлөшүп жатат» дешкенинен туруп калдым. Аңгыча эле Анарбай Кубатидиновичтин келинчеги келди. Баткен ШИИБдин башчысы экөө сүйлөшө албай коюшту окшойт, кыйкырык, өкүрүк болуп жатты. Мен кирип «Мелис, шеф кана, үйгө таштадым дедиң эле го?» десем, «үйүнө таштагам» дейт. Жанымда милиция кызматкерлеринен эки-үчөө отурган. Аңгыча А.Мамажакыповдун келинчеги кирип «үйгө таштасаң, үйгө келет эле да» деди. Айнура жеңем ыйлап: «Мелис, айланайын, каякта, мага Анарбай эле керек, айтып койчу, биз таап алалы?» деп суранды. Мелис «жеңе, эмне эле ыйлап жатасың, эртең менен келет» деди. Мага үйгө таштагам, башкаларга «төрт көчөгө» таштагам деп жатыптырсың десем, мени ошол жерден оозго алгыс сөздөр менен сөктү.

Биз алгач Анарбай Кубатидиновичти үйүнүн тегерегиндеги жолдордон карадык. Кийин кызматкерлерди бөлдүм. Жолдун эки тарабын карадык, талаадан издедик. Мен кайра келип, М.Калыковдон сурайын дедим. Келсем М.Калыковго киргизишкен жок. Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери суракка алып жатышыптыр. Менден «кандай кийинип жүрдү эле?» деп сурап калышты. Жанында дагы бирөө бар болчу дедим. 3-4 кишини алып келип «кимиси эле?» деп сурашты. М.Калыковдун жанында жүргөн киши жеңил эле кийинип жүргөн, кийин чоң кара чапан кийип алыптыр. Жүзүн бир жолу эле көргөм. Аны көрсөтсөм, алып кетишти. Ошентип издеп жүрдүк. Эртең менен саат 6:30 же 6:00 беле, менин орун басарым Санжар Кочкорбаев чалды. Ошол убакта Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Баткен облусундагы башчысы, ИИБдин башчысынын орун басары менден окуя боюнча сурап жатышкан. Орун басарым чалып, «Мирлан, шефти таптым» деди, «каякта экен?» десем, «өрттөп жибериптир» деди. Ошол жерден өзүмдү жоготтум. Буга чейин мындай нерсеге туш болгон эмесмин. Эшикке чыксак прокуратуранын тергөө бөлүмүнүн башчысы Бийкелди туруптур. Бийкелди, ИИБдин башчысынын орун басары болуп жөнөдүк. Телефондон туура эмес түшүнүп алган окшойбуз, туура эмес дарекке барып калдык. Түшүп алып, Бийкелди экөөбүз жөө бастык. Бир убакта Бийкелдинин телефону иштеп калды. Унаа чакырдык. Кайра Санжар менен сүйлөшүп Төрт-Күл жакка жөнөдүк. Жолдун жээгинде Санжар күтүп туруптур. Аны ээрчип алып 3 километрдей жүрдүк (унаа менен). Санжар унаасынан түшүп, оң тарапка басты. Биз дагы унаабыз менен барып токтодук. 50 метр алыста Анарбай Кубатидиновичтин бүрүшүп жаткан денеси туруптур. Аркабыздан баары келишти. Сүрөткө тартып, кароодон өткөрүштү. Анан Баткен ШИИБге барып, мастыгымды текшеришти. Болгону 4 чөйчөк арак ичкем. «Кан бересизби, кийимдериңизди бересизби?» дешти. Бердим. Түшүнүк кат жаздым.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 17-ноябрь күнү саат 22:10 чамасында Баткен шаарынын Турдумаматов көчөсүнөн «Лексус 470» үлгүсүндөгү унаа табылган. Аны кароо учурунда капталдарында кандын тактары болгон.

Баткен ОИИБдин кызматкерлери түнү бою иликтөө иштерин жүргүзүшүп, анын натыйжасында Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын батыш тарабындагы участкадан Баткен облусунун прокурору Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгүн табышкан. Бул жагдай боюнча Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс) 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары Баткен облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы М.Калыков кармалган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Тема боюнча:

10.06.2019Прокурор А.Мамажакыповдун өлүмү: Окуя болгон күнү тартылган сүрөттү интернетке ким тараткан? (толукталды)
10.06.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Ичилген арак, «Лексус 470» жана прокурордун чалуусу тууралуу көрсөтмөлөр. Видео
17.06.2019Прокурор А.Мамажакыповдун өлүмү: Сот отурумунда жактоочуларды тилдешти. Видео (толукталды)
19.06.2019А.Мамажакыповдун өлүмү: Шектүү М.Калыков тойдо прокурорлорду тейлеген. Орун басардын көрсөтмөсү. Видео
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×