Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусуКара-Суу району 25.06.2019 13:16

Кара-Суунун борбордук базарында шарты жок жерде жайгашкан эт сатуучу дүкөндөр көчүрүлдү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Кара-Суу районундагы борбордук «Кара-Суу» базарында шарты жок жерде жайгашкан 10дон ашуун эт саткан дүкөн башка жерге көчүрүлдү. Бул тууралуу Мамэкотехинспекциянын Кара-Суу райондук аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Рысбек Юсупов билдирди.

Маалыматка караганда, «Кара-Суу» базарындагы эт сатуучу дүкөндөр текшерилген. Шарты жок жерде жайгашкан дүкөндөрдүн ээлери өз эрки менен башка, талапка жооп берген жайга көчүүгө макул болушкан. Ошондой эле базардагы өрт коопсуздугу сакталбаган күркөлөрдүн ээлерине өрт өчүрүүчү шаймандарды алуу милдеттендирилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×