Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусуНоокат району 26.06.2019 07:58 На русском

Ноокатта өзбекстандык футболчулардын катышуусунда турнир башталды

Turmush -  Кечээ, 25-июнь күнү Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылындагы борбордук стадиондо футбол боюнча «Достук кубогу» турниринин алгачкы оюну болду. Бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын калысы Бахадыр Кочкаров билдирди.

Анын айтымында, «Достук кубогу» деп аталган футбол мелдешинде Ош облусундагы жана Өзбекстандын Андижан, Фергана, Кокон, Наманган облустарындагы футбол мектептеринин окуучуларынан түзүлгөн командалар ат салышат.

Мелдештин алгачкы оюнунда Ош облусундагы футбол мектебинин 2004-2005-жылы туулган өспүрүмдөрдөн түзүлгөн командасы Андижан облусунан келген тең курактуу жаш футболчулар менен беттешти. Анын жыйынтыгында Ош облусунун командасы 3:0 эсебинде жеңишке жетишти.

Аталган мелдеш алгачкы ирет уюштурулуп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×