Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусуӨзгөн району 26.06.2019 12:31 На русском

13,5 млн сомдун чыры: Банктын филиалындагы мурдагы жетекчи 10 жылга камалды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ош облустук соту «Аманбанкты» Өзгөн районуна караштуу Куршаб айылындагы сактык кассага депозитке акча салып, кайра ала албай калган жарандардын чыгымын төлөп берүүгө милдеттендирип, сактык кассанын мурдагы жетекчисин 10 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу аталган банкта акчасын сактап, ала албай калган Минара Мурзаева аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, облустук сот өкүмдү кечээ, 25-июнь күнү чыгарган.

«Депозитке акча салгандардан башында 40 адам болчубуз. Азыр 36 киши калдык. Мен банктагы депозитке 2 млн 900 миң сом салып, кайра ала албай калдым. Мага окшогондор Бишкекке чейин барып, кайрылбаган жерибиз калган эмес. Жогорку Кеңештин депутаты да биздин маселебизди парламентте эки-үч жолу көтөрүп чыккан. Буга чейин ишти Өзгөн райондук соту карап, Ж.А.ны («Аманбанктын» Өзгөн филиалына караштуу Куршаб айылында жайгашкан сактык кассасынын мурдагы башчысы) 15 жылга эркинен ажыратып, келтирилген чыгымдын жарымын банкка, жарымын алдамчылыкка шектелген банктын кызматкерин төлөөгө милдеттендирген. Бирок биз райондук соттун чечимине макул болбой, облустук сотко кайрылганбыз», - деди ал.

Маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз кызматынан да тастыкташты.

Жабырлануучулар банкка жалпы 13,5 млн сом салышкан.

Буга чейин «Аманбанктын» Куршаб айылындагы филиалына айылдын 36 тургуну депозитке бир нече жылдан бери акча сактап, бирок кайра ала албай жатышканын 2018-жылдын 28-ноябрь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында билдиришкен.

Бул маселе боюнча «Аманбанктын» башкы кеңсеси жазуу түрүндө жооп берген.

«Аманбанктын» Өзгөн филиалына караштуу Куршаб айылында жайгашкан сактык кассасынын башчысы Ж.А. 2018-жылы 25-июлда кызматынан бошотулган. 2018-жылдын сентябрь айынан баштап Өзгөн районунун Куршаб айылынын тургундары банктын Өзгөн филиалына аманат салганы тууралуу кайрылышкан. Банк тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү учурунда кайрылган жарандарга берилген аманат документтери жасалма, ал эми андай аманаттар банктын бирдиктүү маалымат базасында жок экендиги, банктын кассасына бул аманаттар түшпөгөндүгү аныкталган.

Маалыматка караганда, кайрылган жарандар аманатка берген акчаларын көпчүлүк учурда сактык кассанын мурдагы кызматкери Ж.А.нын үйүнө алып барып берип же чет өлкөлөрдөн келген (РФ) которууларды анын атына жиберишкендиги белгилүү болгон.

Андан сырткары 2014-жылдан баштап Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан киргизилген тике банктык көзөмөл режимине ылайык банк аманаттарды кабыл албайт. Бүгүнкү күндө банк мурунку мыйзамдуу алынган аманаттар менен мыйзамга ылайык иш жүргүзүп келет. Буга байланыштуу Өзгөн филиалындагы Ж.А.нын мыйзамсыз иш жүргүзгөнүн, документтерди жасалма жана алдоо жолу менен жасап, акча каражаттарын менчиктеп алганын, кызматтык абалын кыянаттык менен пайдаланганын аныктоо боюнча банк Ош облустук Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына кайрылган. Банктын жетекчилиги жабыр тарткан жарандардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга Турдубаев Жамшит, Орозалиев Жуман, Исакова Салимахан катышкан.

2018-жылдын октябрь, ноябрь айларында Өзгөн районундагы жабыр тарткан жарандар менен бир нече жолугушуулар өтүп, башкармалыктын эки жооптуу кызматкери бардык маалыматты берген.

Ортодо элди туура эмес жолго буруп, банкты жаман көрсөтүү аракеттери болуп жатат. Башкармалыктын төрагасы Н.А.Абиров», - деп айтылган билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×