Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 26.06.2019 13:08 На русском

Ноокатта жүк ташуучу унаа оодарылып кетти (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районунда оор жүк ташуучу унаа катуу ылдамдыкта бара жатып, оодарылып кетти. Бул маалыматты Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн тастыкташты.

Окуя кечээ, 25-июнь күнү эртең менен Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн Кызыл-Тейит айылында болгон. Анын кесепетинен автоунаа талкаланып, адамдар жабыркаган эмес. Жүк ташуучу унаанын ичи бош болгон.

Учурда аталган кырсык боюнча Ноокат РИИБ тарабынан тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×