Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 26.06.2019 16:21 На русском

Ошто милициянын ардагерлери мелдешти (сүрөт)

Turmush -  Ош облустук ички иштер башкармалыгында кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына карата ИИМдин ардагерлери арасында спорттук мелдештер өтүүдө. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.

Спорттук мелдештердин салтанаттуу ачылыш аземи бүгүн, 26-июнь күнү болуп, ага ИИМдин ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев, анын орун басары Айтбек Бегалиев, ИИМдин ыкчам кызматынын ардагерлер кеңешинин төрагасы Жанбулбай Жаныбаев, башкы башкармалыктын ардагерлер кеңешинин төрагасы Жолдошбек Черикчиев, медициналык башкармалыктын ардагерлер кеңешинин төрагасы Бексырга Өмүрканов, ИИМдин башка түзүмдөрүнүн ардагерлер кеңешинин мүчөлөрү жана Ош ОИИБдин өздүк курамы катышты.

Алгач кызмат учурунда каза болгон милиционерлер эскерилип, алардын айкелдерине гүл коюлуп, куран окулду.

Мелдешти Ош ОИИБдин башчысы Малик Нурдинов ачып, катышуучуларга ийгилик каалады. Ошондой эле Ош ОИИБдин имаратында милициянын генерал-майору Базарбай Нурматовдун музейи көрсөтүлдү.

Мелдеште Ош ОИИБдин ардагерлер кеңешинин командасы, Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат жана Өзгөн райондорунан келген ардагерлердин командалары шахмат, теннис, волейбол жана ок атуу боюнча күч сынашууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×