Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусу, Озгон 26.06.2019 16:39

Өзгөндө унаа жолго 700 миң сомдук темир бетондор орнотулууда

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Өзгөн шаарында унаа тыгындарын азайтуу максатында темир бетондор орнотулууда. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынан билдиришти.

Бүгүн, 26-июнь күнү шаардын борбордук Манас көчөсүндө жалпы узундугу 320 метрди түзгөн темир бетондор орнотулуп, жолдун эки тарабы темир тосмолор менен тосулуп баштады. Мындан сырткары жолдогу чуңкурлар №5 жол тейлөө ишканасы тарабынан оңдолууда.

Буга чейин Манас көчөсүнө бетондор орнотулган, бирок алар толугу менен кайра алынып, Кошиев көчөсүнө коюлган.

Өзгөн шаардык мэриясынан темир бетондорду орнотууга 700 миң сом каражат бөлүнгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×