Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуАраван району 27.06.2019 11:59

Жубайлардын өлүмү: Араванда сууга аккан адамдын денеси коңшу өлкөдөн табылды

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Араван районунда жубайы менен каналга агып кеткен жарандын денеси табылды. Бул тууралуу Нур-Абад айыл өкмөтүнүн жашоочулары аймактык кабарчыга билдирди.

Араван районунун Нур-Абад айыл өкмөтүнө караштуу Кайрагач-Арык айылында каналга агып кеткен жубайлардын бири — 33 жаштагы Х.Х.нын денеси Өзбекстандан кечээ, 26-июнь күнү табылган. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Исабек Эргешов билдиргендей, маркумдун денеси Фергана облусуна караштуу Кувасай районунун Гүлистан айылында жергиликтүү тургундар тарабынан табылды.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, 1986-жылы туулган Х.Х. айылда телефон оңдоп, үй-бүлөсүн устачылык аркылуу багып келген.

Маркумдун сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилген. Ал кечээ, 26-июнда акыркы сапарга узатылды.

Маркумдун жубайынын сөөгү 22- июнь күнү Өзбекстандын аймагынан табылган. Анын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилген. Буга чейин жубайлар ушул айдын башында баш кошкону белгилүү болгон.

Окуя тууралуу:

Айыл өкмөттүн кызматкерлери кырсык 20-июнда саат 11:00 чамасында болгондугун кабарлашкан. Кокустан сууга түшүп кеткен жубайын куткаруу үчүн жолдошу сууга секирген. Бирок жубайын куткарып жатканда тарамышы түйүлүп, ошол жердеги топ балдардан жардам сураган. Бир жигит жардам берүү үчүн колун сунганда жубайлар аны да сууга тартып кетишкен. Бирок колун сунган жигит кайра жээкке чыкканга жетишкен.

ӨКМдин Кризистик кырдаалда башкаруу борборунун кызматкерлери тарабынан Өзбекстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине издөө иштерине көмөктөшүү жөнүндөгү кат жолдонгон.

Түштүк Фергана каналынын суусу Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынан агып келет. Ал Араван району аркылуу Өзбекстанга агып кетет. Нур-Абад айыл өкмөтү чыгышынан Өзбекстандын Булак-Башы, батышынан Мархамад айылдары менен чектешет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×