Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 27.06.2019 14:12

Кайын энеси менен урушкан келин өзүнө бычак сайды, - милиция

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  Ошто 30 жаштагы келин кайын энеси менен болгон пикир келишпестиктен улам өзүнө өзү бычак сайган. Бул маалыматты Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, милицияга кечээ, 26-июнь күнү саат 23:45 чамасында Ош облустар аралык клиникалык ооруканасынан Ош шаарынын 30 жаштагы тургуну учтуу буюм менен денесине жаракат алып, ооруканага түшкөнү кабарланган. Аталган маалымат боюнча ооруканага ыкчам тергөө тобу барып, келиндин денесинен жаракат алганын аныктоо үчүн алгачкы иликтөө иштерин жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгында келин өзүнүн үйүндө чогуу жашаган кайын энеси (1961-жылы туулган) менен айтыша кетип, ашканада турган бычак менен өзүн сайып жибергени аныкталды.

Аталган факт Ош ШИИБ тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 137-беренеси (Өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү) менен катталып, тиешелүү экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Turmush басылмасы Ош шаарында 30 жаштагы келин бычактан алган жаракаты менен ооруканага түшкөнүн жазган.

Кечээ, 26-июнь күнү саат 23:33 чамасында облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасына Ош шаарынын 1989-жылы туулган тургуну Т.С.М. (аял киши) жеткирилген. Анын курсагына бычак сайылып, боор тарабын кесип өткөндүктөн, ичине кан толуп калган. Дарыгерлер өз убагында операция жасап, келиндин өмүрүн сактап калышты.

Учурда бейтаптын абалы орто оор жана дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×