Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусу, Озгон 28.06.2019 11:35 На русском

Өзгөн шаарында 5 чакырым жолго асфальт төшөлөт

Turmush -  Өзгөн шаарында 5 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул тууралуу Өзгөн шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, шаардын жергиликтүү бюджетинин эсебинен Б.Матисаев (608 метр) жана П.Хайдаров (614 метр) көчөлөрүнө асфальт басуу жумуштары башталды. Аталган 2 көчө негизги Манас жана Амир Темур көчөлөрүн бириктирип, жол тыгынын азайтууга өбөлгө болот. Жүрүп жаткан иштер менен Өзгөн шаарынын мэри Муктар Халматов жана тийиштүү кызматкерлер таанышты.

Быйылкы жылда жергиликтүү бюджеттин эсебинен 3,5 чакырым, республикалык бюджеттин эсебинен 1,5 чакырым жолго асфальт басуу пландаштырылган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×