Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 28.06.2019 11:46

Ошто Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты ачык эшик күнүн уюштурду

Turmush -  Кечээ, 27-июнда Ош шаарында Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты ачык эшик күнүн өткөрдү. Бул тууралуу аталган комбинаттын басма сөз катчысы Азамат Советбек уулу билдирди.

Ачык эшик күнүнө Ош шаарынын муниципалдык аймактык башкармалыктарынын өкүлдөрү, кварталдык комитеттердин башчылары келип, комбинаттын буга чейинки жасаган жана алдыда жасай турган иштери менен таанышып чыгышты.

«Комбинаттын кызматкерлери шаарыбызга бир гана гүл эгип, бак-дарактарды формага келтирүүдөн сырткары ирригациялык арыктарды, суу өтмөктөрдү да оңдоп-түзөөдөн өткөрүп жатат. Кышында жолдорду кардан тазалап, туз жана кум сээп, жаздан баштап кеч күзгө чейин суу ташыган унаалар менен жолдорду жууп, суу чыкпаган жерлердеги гүлдөрдү жана чөптөрдү сугарышууда», - деди Азамат Советбек уулу.

Жасалып жаткан жумуштарга келген коноктор күбө болуп, өздөрүнүн бааларын беришти.

Аталган комбинатта жалпы 3 күнөскана бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×