Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуӨзгөн району 28.06.2019 17:00

Өзгөндүн Ынтымак айылынын эли таза суу, жол маселесин көтөрүштү

Turmush -  Өзгөн районунун жер көчкүдөн кийин түптөлгөн Ынтымак айылында, таза суу, жол маселеси күчүндө. Бул тууралуу кечээ, 27-июнда райондун акиминин орун басары Болот Дыйканбаев менен жергиликтүү тургундардын жолугушуусунда айтылды.

Маалым болгондой, жолугушууда жергиликтүү тургундар таза суу, ички жолдор боюнча маселе көтөрүштү. Болот Дыйканбаевдин учурда таза суу меселесин чечүү, жолдорго шагыл төгүү боюнча тапшырмалар берилгенин билдирди.

«Таза суу айыл өкмөттүн карамагына өткөрүлө элек. Учурда подрячик бул боюнча өз ишин аткарып жатат. Подрячик толугу менен бүтүрүп берсе айыл өкмөттүн карамагына өтөт. Айыл макамын берүү боюнча Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү алектенип жатыптыр», - деди Дыйканбаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×