Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 28.06.2019 17:46 На русском

Ошто Иран 65 млн сомдук спорт комплекстин курулушун баштады. Сүрөт

Turmush -  Ош шаарынын Манас-Ата аймактык кеңешиндеги Салиева көчөсүндө Иран Ислам Республикасы тарабынан эки кабаттуу спорт комплекстин курулушу башталды.

Иш-чарага Ош шаарынын мэри Талайбек Сарыбашов, аталган өлкөнүн Кыргызстандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Али Муштаба Рузбехани, Кыргызстандын Ирандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Авазбек Абдразаков, Тышкы иштер министрлигинин Ош-Жалал-Абад-Баткен облусундагы башчысы Мирлан Исмаилов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормоновдор катышты.

Калаа мэри Таалайбек Сарыбашов Иран менен болгон кызматташтыктын негизинде Ош шаарына алгачкы жолу аталган өлкөнүн каржылоосунда чоң спорттук сарай курулуп жатканын белгилеп, алакалар мындан ары да өнүгө беришине тилектештигин билдирди.

Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Али Моджтаба Рузбехани Иран Американын санкцияларына карабай жылуу мамиледе болгон мамлекеттерге көмөктөшүүнүн улантарын айтты. Ал ошондой эле Иран өлкөсү буга чейин Кыргызстандын башка аймактарына мектептерди кургандыгын, Ош шаарына биринчи ирет куруп жатышкандыктарын айтып, аталган спорт сарайдын тендерине ирандык бир нече курулуш компаниялары катышкандыгын, алардын ичинен эң мыкты спорт сарайды куруп баштагандыгын кошумчалады.

Ага улай эле Кыргызстандын Ирандагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Авазбек Абдразаков элчиге ыраазычылыгын билдирди. Андан соң расмийлер спорт сарайдын пайдубалына капсула ташташты.

Иран Ислам Республикасы тарабынан каржыланып жаткан спорт сарайдын курулушу боюнча эки тарап 2011-жылы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп башташкан. Курулуш жүрүп жаткан аймактын жалпы аянты 5170 чарчы метр, спорт сарай салынып жаткан жердин аянты 1732 чарчы метрди түзөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×