Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 28.06.2019 18:10 На русском

Ошто милиция кызматкерлеринин ден соолукту чыңдоо борбору ачылды

Turmush -  26-июнда Ош ОИИБ спорттук ден соолукту чыңдоо борборун ишке киргизди. Бул тууралуу бүгүн, 28-июнда аталган түзүмдөн билдиришти.

Маалым болгондой, бул борбор кыргыз милициясынын 95 жылдык маарекесине карата өздүк курам үчүн ачылды. Анда 12 орундуу жатакана, улуттук боз үй, 40 орундуу жыйындар залы заманбап жабдуулары менен, табигый көл, спорттук аянтча ишке киргизилген. Анын курулушуна ички иштер органдарында иштеп, ардактуу эс алууга чыгып жеке ишкердик жүргүзүшкөн демөөрчүлөр колдоо көрсөтүшкөн. Мындан ары Ош ОИИБдин өздүк курамы жана ардагерлери үй-бүлөсү менен ден соолугун чыңдоо үчүн бул борборго атайын график менен келип, эс алууга мүмкүнчүлүк алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×