Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 30.06.2019 10:12

Ошто өзбекстандык жаранды мыйзамсыз иштетип жүргөн ишкер айыпка жыгылды

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  Ош шаардык соту КРнын «Сырткы миграция жөнүндө» мыйзамынын талаптарын одоно бузганы үчүн Ош шаарынын тургунун 20 миң сом айыпка жыкты. Бул тууралуу шаардык прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, акыркы жылдары Ош шаарында мыйзамсыз иштеп жаткан чет элдик жарандардын саны көбөйүп, Кыргызстандын жарандары «Сырткы миграция жөнүндө» мыйзамдын талаптарын одоно бузган учурлар катталууда. Бүгүнкү күндө чет элдик жарандарды мыйзамсыз жумушка кабыл алып, иштетип жаткан адамдарды мыйзам чегинде жоопко тартуу максатында тийиштүү чаралар көрүлүүдө.

«Акыркы учурда мыйзам бузуулар боюнча Ош шаардык соту тарабынан 4 жорук иштери каралган. Мисалы, Ош шаарынын Б.Б., аттуу тургуну кафе иштетип жүрүп, Өзбекстандын жараны У.К менен сүйлөшүп, аны Ош шаарындагы кафеге иштөө үчүн чакырган. 2019-жылдын январь айында «Достук» бажы посту аркылуу өтүп келген Өзбекстандын жаранын Б.Б., тосуп алып, өзүнүн бир тууган эжесинин үйүнө убактылуу каттоого тургузуп, КРнын «Сырткы миграция жөнүндөгү» мыйзамынын талаптарын одоно түрдө бузуу менен мыйзамсыз иштетип, айлык акысын төлөп жүргөн», - деп айтылат маалыматта.

Натыйжада, 2019-жылдын 16-майындагы Ош шаардык сотунун өкүмү менен Б.Б., КРнын Жоруктар жөнүндө мыйзамынын 108-беренеси менен күнөөлүү деп табылып, 20 миң сом айып пулга кириптер кылынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×