Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуАлай району 30.06.2019 15:03

Кичинекей жылкычы: 12 жаштагы Сүйүнбек желеге кулун байлап, жылкы саайт. Видео

Turmush -  Ош шаарынан 60 чакырым алыс жайгашкан Чыйырчык жайлоосунда жай мезгилинде жылкы байлап, кымыз саткан адамдар көбөйөт. Алардын арасында 12 жаштагы Сүйүнбек Мажинов дагы бар. Кичинекей жылкычы 10 чакырым алыс аралыктан жылкыны жөө айдап келип, кулун байлап, турмуштун түйшүгүнө эрте аралашкан. Аны менен Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы баарлашты.

Сүйүнбек 3 жылдан бери жылкыны алыстан айдап келген, ата-апасынын ишенген тестиер баласы экен.

«3 жылдан бери жылкы айдап келип, атама жардамдашам. Жылкылар 10 чакырымдай алыс жерге кетип калат. Эртең менен саат 06:00 чамасында туруп эле жылкыны айдап келүүгө кетем. Саат 08:00 болуп калганда жылкыларды айдап келем. Андан кийин өзүмөн 2-3 жаш кичүү инилерим менен кулундарды желеге байлайбыз. Инилерим мага жардам беришет. Эгер мен кечигип калсам, эки иним деле байлап коёт. Бээлер жоош болгондон улам качпайт. Бизге көп деле түйшүк жаратпайт. Атам менен апама ушинтип жардамдашып жатабыз», - деди Сүйүнбек.

Жаш жылкычы кызыктуу окуялары менен бөлүштү.

«Жылкыларды туман түшкөн убакта таппай калган учурлар болот. Жамгыр жааганда кыйналабыз. Суу болуп, үйгө үшүп келем. Жылкылар адамга жеткирбей качып кетет. Айрым учурда жылкыга жетпей ыйлайм. Бирок өжөрлүк менен аларды желеге айдап келем. Ээн талаада жүргөндөн коркпойм. Көнүп калгам. Алыс жол баскандан чарчабайм. Бул менин ишим да», - дейт ал.

Чоңойгондо милиционер болом деген Сүйүнбек жылкы сааганды үйрөнүп жатканын айтып кубанды.

«Чоңойгондо милиционер болсом деген кыялым бар. Укук коргоо тармагында иштеп, эл үчүн кызмат кылсам дейм. Милиция болуш үчүн тырышчаак болуш керек экен. Мен дагы кичинекейимен бери көп нерсени тырышып жүрүп үйрөндүм. Эми бээ сааганды үйрөнүп жатам. Өткөн жылы көп эле жолу жылкы саадым. Азыр анча-мынча саап жатам. Кийинки жылдан баштап жылкы саашты толук үйрөнүп калам. Үйрөнүп алсам апам жылкы саабай калат», - деди С.Мажинов.

Сүйүнбек Чыйырчык жайлоосуна жакын жайгашкан Таш-Коро айылындагы мектепте билим алат. Ал мектепте дагы "4" жана "5" деген бааларга окуганын айтты. Ал ата-энесинин улуу баласы. Анын 2 иниси, 1 карындашы бар. Алар жайкысын ата-энеси менен бирге жылкы байлап, кымыз сатышат.

Чыйырчык жайлоосу Алай районуна жакын жайгашкан Кара-Суу районуна карайт. Бирок ал жайлоону эки район бир канча жылдан бери талашып келе жатат.

Чыйырчык жайлоосуна болжол менен 100гө чукул адам жайкысын көчүп барат. Ал жерде көчүп баргандардын дээрлик баардыгы курут, сүзмө, бээнин сүтүн жана кымыз сатышат. Күнүнө ар бир үй-бүлө болжол менен 15-20 литр кымыз сатат. Ушул тапта алар 1 литр кымызды 100 сомдон сатышууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×