Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 02.07.2019 10:02 На русском

Мекендештер: Дубайда иштеген Айдана Кыргызстандагы туризмди өнүктүрүүнүн үстүндө ойлонууда (сүрөт)

Turmush -  Ноокат районуна караштуу Көк-Жар айылынын 27 жаштагы тургуну Айдана Зиядин кызы Дубайдагы мейманканада иштеп жатат. Аймактык кабарчы алыстагы мекендештен кабар алды.

Өзүнүн айтымында, 2015-жылы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультетин бүтүргөн. Буга чейин кесиби боюнча телеканалда журналист болуп иштеген.

«Окуп жүргөн учурда эле чет өлкөгө чыккым келчү. Эң оптималдуу вариант эле Түркия болду. Анткени өзүм түрк тилин билгендиктен иштеп кетериме көзүм жетти. Көбүнчө биздин жаштар туризм жаатында, мейманканада иштешет эмеспи. Мен дагы мейманканада иштеп калдым. Ошондон баштап туризм тармагы мага абдан жагып калды. Ал жакта көбүнчө сезондук жумуш болгондуктан кеч күздө кайтуу керек. Ошол жакта иштеп жүргөн учурда Дубайдан иш берүүчүлөр келип, биз менен маектешти. Ошол маектешүүлөрдөн өтүп, Дубайда иштөө мүмкүнчүлүгүн алдым. Азыркы учурда Дубайдагы мейманканада тейлөөчү болуп иштеп жатам. Дубайда биринчиден англис тилин жакшыртып, экинчиден туризм боюнча эл аралык тажрыйба алууга болот. Дубай туристтерге ар дайым ачык, коопсуз десе болот. Эли да ошого көнгөн. Жолдон бейтааныш чет элдикти көрсө тоноп же сабап кетмей деген жок. Мыйзам да абдан катуу иштейт. Ошондуктан бул жакта кылмыштуулук өтө сейрек кездешет. Түндө көчөдө калсаң деле эч ким сага тийишпейт.

Башында ата-энем бир туугандарым каршы болушкан. «Кыз бала болсоң, бөтөн жерде эмне кыласың?» деген сөздөрдү көп эле айтышкан. Бирок апамды тынчтандырып, алардын батасын алып келгем. Азыр такыр каршы болушпайт. Анткени жыл сайын үйгө барып турам. Бул жактын коопсуздугун, ыңгайлуулугун айтсам үйдөгүлөр да кызыгып калышат. Жөнөкөй эле мисал, ооруканага барсаң дароо анализ тапшыртып, УЗИге текшерип же башка аппарат менен ооруган жериңди бат эле текшерип берет. Ошол жагы мага абдан жакты. Кечке күтүп, ары-бери чайналбайсың. Дары-дармектерди арзандатылган баада же акысыз аласың.

Азыр канткенде Кыргызстан да туристтер үчүн коопсуз өлкө боло алат деп ойлонуп жүрөм. Ал үчүн өлкөдөгү саясий стабилдүүлүк да чоң мааниге ээ. Анткени чет өлкөлүктөр да соңку жылдардагы окуялардан кабары бар. Ал эми көргөндөр «Кыргызстан абдан кооз жер» деп айтышат. Башка өлкөлөрдө жасалма кооздуктар болсо, бизде табигый кооздуктар бар. Ошол нерсени пайдаланууга толук мүмкүнчүлүк бар.

Келечекке пландар көп. Өзүмдүн кесибимди абдан жакшы көрөм. Убагы келгенде бул ишти да аркалап, кино тартам деген оюм бар. Азыр бир катар сценарийлерди ойлоп жүргөн чагым. Анан эң негизгиси — апам Меккеге барып, мусулмандык парзымды аткарсам деп тилейт. Ошол тилегин орундатканга жардам берип, апамды ажыга жиберейин деп турам», - деди ал.

Айдана бийке үй-бүлөдө 8 бир туугандын кенжеси.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×