Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуАлай району 02.07.2019 10:04 На русском

Айыл турмушу: Жайлоодо жылкы саап киреше тапкан К.Назарованын чет өлкөлүк кардарлары бар. Видео

Turmush -  Алай районунун Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Правда айылынын 61 жаштагы тургуну Калипа Назарова жай мезгилинде үй-бүлөсү менен Чыйырчык жайлоосунда болушат. Алар бээ саап, эс алуучуларга кымыз сатып, киреше табышат. Пенсиядагы Калипа Назарова менен аймактык кабарчы таанышты.

Калипа Назарова: - Жылкы сааганыма 15 жылдан ашты. Жыл сайын жайында жайлоого көчүп келебиз. Жогорку окуу жайда 2-курста окуган кызым дагы жылкы саап жардам берет. Жайлоо — кирешелүү тармак. Бээ саап, кымыз даярдасак, уй саап, май-курут жасайбыз. Бээлер ар түрдүү сүт берет. 2 литр сүт берген бээлер бар. Азыр бизге күн сайын коноктор келет. Бир адам 200 граммдан сүт ичет. 5 жолу ичсе, 1 литр сүт үчүн 180-200 сом төлөшөт. Бул биз үчүн кирешелүү.

Калипа Назарова: - Кымыз — боору, өтү ооруган адамдар үчүн дары. Аны жай бою ичсе дагы пайдалуу. Жылкылар даары чөптөрдү жегенденби, сүтү абдан пайдалуу. Россиялык бир жаран жыл сайын келип, эс алып, сүт ичип кетет. Ал сүттүн жакшы жактарын байкаптыр. Азыр Өзбекстан, Тажикстандан келип, сүт ичкендер көбөйдү.

Калипа Назарова учурда 7 бээ саайт. Анын 3 уул, 2 кызы бар.

Маалымат:

Ош облусунун Алай районундагы Чыйырчык жайлоосу Ош шаарынан 80 км алыстыкта жайгашкан. Аталган жайлоонун бир тарабы Кара-Суу районунун аймагына, ал эми экинчи тарабы Алай районунун аймагына карайт.

Аталган жайлоого май айынан баштап Алай жана Кара-Суу райондорунун малчылары көчүп келишет жана алар август айынын соңуна чейин болушат.

Чыйырчык жайлоосу деңиз деңгээлинен 2389 метр бийиктикте жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×