Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 02.07.2019 12:41 На русском

Сүрөт — Ошто инвестиция тартуудагы маселелер талкууланды

Ош шаары
Ош шаары

Turmush -  27-июнь күнү Ош шаарында «Жагымдуу инвестициялык климат — аймактарды өнүктүрүүнүн өзөгү» аталышындагы аймактык экономикалык форум өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага президенттин жана өкмөттүн аппаратынын өкүлдөрү, өкмөттүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы өкүлдөрү, Айыл чарба жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев, Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин жетекчиси Адилбек уулу Шумкарбек, акимдер, мэрлер, айыл өкмөт башчылар жана ишкерлер катышты.

Министр Эркинбек Чодуев аталган форум алгач ирет уюштурулуп жатканын белгиледи. Форумдун жүрүшүндө ишкерлерди колдоо боюнча мамлекеттик саясат, салык системасындагы өзгөрүүлөр, ишкерлерге берилген жеңилдиктер талкууланды. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары да бир катар сунуштарды айтышты.

Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов калкты жумуш менен камсыз кылуу үчүн текстиль өнөр жайын куруу, экспорттун көлөмүн импорттун көлөмүнөн ашыруу керектигин билдирди. Ал Ош шаарынын инвестициялык потенциалы жөнүндө баяндама да жасады.

Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Узарбек Жылкыбаев Ош облусу туристтерди тартууга ыңгайлашканын айтты. Ал эми «Алай-Куу» ЖЧКнын жетекчиси Аскар Мамажанов форум ишкерлер үчүн өз кызыкчылыктарын коргоодо пайдалуу аянтча болгонун белгиледи.

Күндүн экинчи жарымында ишкерлер өздөрүнүн приоритеттүү долбоорлорун сунуштап, бири-бири менен маектешүүгө мүмкүнчүлүк алышты.

Форумдун алкагында ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциялары көргөзмөгө коюлду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×