Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусу, Ош 03.07.2019 08:05

Ошто ооруктун ардагерлерине белектер тапшырылды (сүрөт)

Turmush -  1-июль күнү Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согушта тылда эмгектенген ардагерлерге белектер тапшырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Социалдык кызматкер жана Ош мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти Советбек уулу Бекболсун 6 айга Россия Федерациясынын Оренбург шаарындагы Оренбург мамлекеттик университетине окууга барып келген. Ал Оренбург шаарындагы кыргыз элчилиги менен байланышып, Кыргызстанда ардагерлердин саны азайып бара жатканына байланыштуу жыл сайын аларга жардам көрсөтүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

«Оренбургдагы кыргыз элчилиги менен келишим түзүп, Ош шаарындагы тылда эмгектенген 5 энеге жана 20 ардагерге жыл сайын ар тараптан жардам көрсөтүү боюнча демилге ишке аша баштады. Ош шаарынын мэриясындагы социалдык кызматкерлер менен биргеликте тылда эмгектенген 2 энеге баалуу белектер берилип, элчиликтин куттуктоо баракчасы тапшырылды», - дейт Бекболсун Советбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×