Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуКара-Суу району 03.07.2019 11:50

«Жакшы көрүп жүргөн»: Асынып алган студент кызга акыркы жолу телефон чалган жигит сурак берди

Маркум Э.К.
Маркум Э.К.

Turmush -  Ушул жылдын 22-апрелинде Кара-Суу районунун Ишкаван айылындагы батирлердин биринде 19 жаштагы студент кыз Э.К. өз жанын кыйган. Аталган факт боюнча козголгон кылмыш иши өндүрүштөн кыскартылды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.

Буга чейин Turmush басылмасы Кара-Суу районунун 19 жаштагы тургуну асынып алганын жазган.

«Маркумдун телефонуна видео аркылуу чалып жүргөн Т. аттуу жаран табылып, сурак берген. Ал каза болгон кызды жакшы көрүп, үйлөнүү максатында телефон чалып жүргөнүн айткан. 19 жаштагы студент кыздын өлүмү боюнча анын эжеси Ош ОИИБге арыз менен кайрылган. Биз 3 ай тергөө иштерин жүргүзгөн соң маркумдун өлүмүнө тиешелүү эч кандай далилдерди тапкан жокпуз. Кыздын асынып жаткан учуру видеокамерага түшүп калган. Ал асынган учурда үйдө эч ким болгон эмес. Тергөөнүн соңунда өз жанын өзү кыйган деген жыйынтыкка келишкен», - деди Ж.Ашырбаев.

Каза болгон кыз Кара-Суу районуна караштуу Мады айыл өкмөтүнүн Лаглан айылынын тургуну болгон.

Буга чейин Turmush басылмасы каза болгон кызга акыркы жолу WhatsApp'тан видео аркылуу Темирлан (аты өзгөртүлдү) деген жигит чалганын жазган. Бул тууралуу Turmush басылмасына Элнура иштеген кафенин кожойкеси билдирген. Анын айтымында, ага маркум кыздын тайпалаштары Элнура чалууну кабыл алып, бирок сүйлөбөй, ыйлаганын айтышкан.

Окуя болгон күнү Элнура жашаган үйдүн алдына «Дэу Тико» үлгүсүндөгү белгисиз унаа 2 жолу келип, анын ичинен чыккан адам дарбазадагы коңгуроону баскылап, эч ким чыкпаган соң кайра кетип калганы үйдүн алдындагы видеокамерага түшүп калган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, кыздын денесинен тактар табылган эмес.

23-апрель күнү саат 15:05те Кара-Суу РИИБге студент кыздын асынып алганы боюнча маалымат келип түшкөн. Кыздын денеси Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндөгү Ишкаван айылындагы үйлөрдүн биринен асынып турган абалда табылган. 19 жаштагы кыз 24-апрель күнү жерге берилген.

Маркумдун достору жана жакын курбусу аймактык кабарчыга окуя болгон күнү Элнура (аты өзгөртүлдү) WhatsApp аркылуу кат жазганын айтып беришкен.

Маркум кыздын курбусунун айтымында, Элнуранын жашоо шарты оор болгондуктан 2 жылдан бери шаардагы кафелердин биринде окуусунан тышкары иштеп жүргөн. Ал жашап жүргөн батир өзү иштеген кафенин кожойкесине таандык болгон. Аталган кафенин ээси кыздын шартын түшүнүп, өзү менен чогуу жашаганга уруксат берген.

Кафеде Элнура менен бирге иштеген курбу кызы Айзаттын (аты өзгөртүлдү) айтымында, 23-апрель күнү түштө ага курбусунан WhatsApp аркылуу «Айзат, мен сени жакшы көрөм!» деген кат келген.

Курбусу Айзат: Ошол күнү сабакта болчумун. Сабактан келгенден кийин өзүмдүн жеке иштерим менен көчөгө чыгып баратканда мага Элнуранын тайпалаштары чалып, «Элнура менен чогуу иштейт экенсиң, жакын курбусу экенсиң. Ал ыйлап чыгып кетти. Сабакта дагы аягына чейин отурган жок» деп айтышты. Андан кийин биз иштеген кафенин ээси чалды. «Айзат, Элнурадан кабар алчы, чогуу окуган достору чалып жатат. Акыркы күндөрү маанайы жок болчу. Барып, эмне болгонун сурачы» деди. Андан кийин Элнура жашаган үйгө бир кызды ээрчитип алып баргам. Барып, коңгуроону бассак эшикти такыр ачпай койду. 6-7 мүнөт тургандан кийин кафенин ээсине чалдым (Элнура каражат жагынан кыйналып жүргөндүктөн кафенин кожойкесинин үйүндө жашап жүргөн). Кожойкеге эшик кулпуланганын айтсам, «кафеге келип, үйдүн ачкычын алып кет» деди. Мен кафеге барып, кожойкеден үйдүн ачкычын алып келип, эшикти ачып, Элнураны чакырып, издеп баштадым. Аны үйдүн ичинен таппаган соң сыртка чыгып, үйдүн капталына барсам Элнуранын турникте жип менен асынып турганын көрдүм. Кошуна жашаган үйдөгү байкени чакырып келип, жипти чечтик. Андан кийин кожойкеге чалып, башкаларга дагы кабар бердик. Ошол күнү «мен сени жакшы көрөм!» деп жазган болчу. «Эмне болду?» деп жазсам, «эч нерсе» деп койгон. Телефон чалсам алган эмес. Бир аздан кийин кайра чалсак, өчүк болуп калган. Кафенин кожойкеси Элнурага көп жардам берген. Батирдин ижара акысынан, коммуналдык төлөмдөрдөн кыйналып жатам дегенинен «анда биздин үйдө бекер эле жашай бер, андай нерселер жөнүндө ойлонбо, окууңду ойлон» деп, чогуу жашап жүрүшкөн.

Маркум кыз менен бирге окуган Эрлан (аты өзгөртүлдү) Элнуранын жигит үчүн же акча үчүн жанын кыя турган кыз эместигин айткан.

Эрлан: Элнура экөөбүз жакын достордон болчубуз. Жакшы-жаман күндөрдө бири-бирибиздин көңүлүбүздү көтөрүп турчубуз. Ал сырын толук айтчу эмес. Окуя болгон күнү чогуу окуган тайпалаштарына «Бул менин акыркы күнүм. Жакшы калгыла, мен силерди жакшы көрөм! Бүгүн акыркы жолугушуубуз болчу» деп WhatsApp аркылуу жазган. Жеке мага жазган катында «Мен жакында бир жакка кетем. Мен кеткенден кийин апамдын алдына барып, жаман болсо да кызыңар бар эле деп айтып кой. Анан телефонумду эжеме берип кой» деп жазган. Ошол күнү сабагын да толук окуган жок. Ыйлап кетип калган.

Элнура иштеген кафенин жана ал жашаган үйдүн кожойкеси маркум кыз жакшы кыз болгондугун, аны келин кылып алайын деп жүргөнүн билдирген.

Элнура иштеген кафенин кожойкеси: Ал аябай жакшы кыз болчу. Эмне үчүн мындай кадамга барганы белгисиз. Үйүмдө жашаганына 2 эле ай болгон. Жакшы, ишеничтүү кыз болгондуктан өзүнчө ачкыч бергенбиз. Каалаган учурда үйгө кирип-чыгып жүргөн. 23-апрелде чак түштө атайын жаңы жип сатып алып, асыныптыр. Ал учурда үйдө эч ким жок болчу. Аз камсыз болгон үй-бүлөнүн кызы экен. Атасы көп ичкен адам экен. Үйүмдүн короосунда сырткы камералар бар. Элнура кантип даярданганы, кантип асынганы баары видеого түшүп калган. Элнуранын тайпалаштарынын айтымында, каза болгон кызга акыркы жолу WhatsApp'тан видео чалуу аркылуу Темирлан (аты өзгөртүлдү) деген жигит чалган. Элнура ал чалууну кабыл алып, бирок сүйлөбөй, ыйлаганын айтышты.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×