Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусуКара-Суу району 03.07.2019 16:10 На русском

Кара-Сууда аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары лагерге жөнөтүлдү

Turmush -  Кара-Суу районунда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары «Ак-Терек» лагерине эс алууга жөнөтүлдү. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Аларга сарпталган каражат айыл өкмөттөрдүн бюджетинен каржыланат. 168 бала 1-июль күнү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлердин коштоосунда лагерге жеткирилген.

«Ак-Терек» лагери демөөрчүлөрдүн жардамы менен оңдолуп-түзөлгөн.

Мындан тышкары дагы 236 бала эс алууга барары айтылууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×