Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусуӨзгөн району 03.07.2019 16:35

Өзгөндө жашоочулар өздөрүнүн каражатына таза суу чыгарып жатышат (сүрөт)

Turmush -  Өзгөн районундагы Кызыл-Байрак айылынын жашоочулары 5 миң сомдон топтоп, айылга таза суу чыгарып жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар аймактык кабарчыга билдиришти.

Алардын айтымында, өздөрү акча топтоп, 6 чакырым алыстан таза суу тарттырып келишкен. Андан тышкары Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы Эдилбек Инашов 3 айылдын эли өз каражаттарына суу тарттырып жатышканын кошумчалады.

«Биздин айыл өкмөттө 7 айыл бар. 3 айылдын эли өздөрүнүн күчү менен таза суу чыгарып жатышат. Учурда бир гана 15 Жаш айылында суу чыга элек. Кызыл-Байрак айылындагы Жалгызды менен Кайыңды тилкелеринде жашаган ар бир түтүн 5-6 миң сомдон топтоп, булактан суу тарттырып келишти.

Түтүктөрдү орнотуу үчүн арыктарды демөөрчүлөр каздырып беришти. Учурда сууга эсептегич коюп жатышат. Ар бир үйгө суу киргизилди. Мындан сырткары Салам-Алик айылынын тургандары да булактан айылга чейин суу тарттырып келишти», - деди Э.Ишанов.

Салам-Алик айыл өкмөтүндө жалпы 8 миң 300 түтүн жашайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×