Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусуКара-Суу району 03.07.2019 16:50

Кара-Сууда эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өттү (сүрөт)

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Turmush -  29-30-июнь күндөрү Кара-Суу районунун спорт сарайында өспүрүмдөр арасында эркин күрөш боюнча эл аралык мелдеш өттү. Бул тууралуу Кара-Суу райондук спорт комитетинин төрагасы Заирбек Эшмаматов билдирди.

Анын айтымында, мелдешке Тажикстан, Өзбекстандан жана Кыргызстандын бардык райондорунан жалпы 250 спортчу катышкан.

«Мелдештин жыйынтыгында жергиликтүү кара-суулук спортчулар байгелүү орундарды алышып, эң көп медаль чогултушту жана жалпы командалык эсепте 1-орунду алышты», - деди З.Эшмаматов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×