Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-июль
Ош облусуНоокат району 03.07.2019 19:11

Ноокат аймактык ооруканасында жаңы бөлүм ачылды (сүрөт)

Turmush -  Ноокат аймактык ооруканасында ангионеврология бөлүмү (борбордук нерв системасындагы тамырларды дарылаган медицинанын багыты) ачылды. Бул тууралуу аталган ооруканадан билдиришти.

Кечээ, 2-июль күнү медициналык кызматкерлердин кесиптик майрамына карата Ноокат аймактык ооруканасынын неврология бөлүмүнүн базасында 15 орунга ыңгайлаштырылган ангионеврология бөлүмүнүн ачылыш аземи өттү. Салтанатка Ош облустук жана Ноокат райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, аймактык оорукананын кызматкерлери катышты.

«Мээнин кан тамыр оорулары, башкача айтканда инсульт менен ооругандардын саны Ноокат районунда жылдан жылга өсүүдө. Бейтаптар буга чейин неврология бөлүмүндө дарыланып келишсе, эми алар үчүн сапаттуу, адистештирилген медициналык жардам көрсөтүү максатында ангионеврология бөлүмү ачылды. Бөлүм заманбап медициналык аппараттар, жабдыктар менен камсыз болду. Бишкек шаарынан анестезиолог-реаниматолог дарыгер Б.Мамазияев кечиктирилгис медициналык жардам көрсөтүү, невролог Х.Рахматов мээнин кан тамыр оорулары боюнча атайын окуудан өтүп келишти», - деп айтылат билдирүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×