Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ош облусу, Ош 04.07.2019 11:54

Ошто студентти өлтүргөн 7 балага сот өкүм чыгарды, бирок маркумдун атасы нааразы

Turmush -  Ош шаардык соту 2017-жылы студенттин өлүмүнө шектүү катары кармалган балдардын кылмыш ишин карап, өкүм чыгарды. Бул тууралуу маркум студенттин атасы Сталбек Жумагулов билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылы 3-декабрда топ балдар тарабынан сабалып каза болгон уулу Саатбек уулу Дөөлөтбектин өлүмү боюнча сот 7 шектүүгө 28-июнь күнү өкүм чыгарган. Бирок С.Жумагулов чечимге нааразы экенин билдирди.

«Сот 4 баланы 5 жылга, үчөөнү 4 жылга эркинен ажыратты. Адам өлтүрүүгө айыпталгандар үчүн бул аябай аз мөөнөт. Балдар кармалган күндөн бери убактылуу кармоочу жайда 1 жыл 7 ай кармалган. Убактылуу кармоочу жайда өткөргөн ар бир күн 3 күндөн эсептелет экен. Бул соттолуп жаткан балдар жазасын өтөп бүтүштү дегенди түшүндүрөт. Ушул айда же август айында жазаларын өтөп бүтүшөт экен.

Келинчегим өкүмдү уккан күнү жүрөгү ооруп, ден соолугу начарлап калды. Ошол күндөн бери ооруканада жатат», - деди Сталбек Жумагулов.

Буга чейин Turmush басылмасы маркумдун жакындары адилет чечим чыгарууну талап кылып, шаардык соттун алдына чогулушканын жазган. Маалыматты толугу менен бул шилтемеден окусаңыз болот.

Окуя тууралуу:

2017-жылы 3-декабрь күнү саат 22:30 чамасында милиция кызматкерлери Ош шаарындагы Н.Исанов көчөсүнө чакыруу боюнча барышкан. Ал жерде унаа токтоочу жайдын артында башы жарылган 18-25 жаштар чамасындагы адамдан жансыз денеси табылган болчу.

Иликтөөнүн жыйынтыгында каза болгон жаран Баткен облусунун Лейлек районунун Даркум айылынын 1999-жылы туулган тургуну С.Дөөлөтбек экени аныкталган. Ал Ош мамлекеттик социалдык университетинде 1-курста билим алып жаткан. Кийин бул окуяга шектүү катары 7 студент жигит кармалып, камакка алынган. Ошондон бери тергөө иштери улантылып келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×